Сууда сүзүү: Россиядагы мелдештен кыргызстандык өспүрүмдөр жети медаль утту

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүПлавание. Этап Кубка мира в Москве
Плавание. Этап Кубка мира в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдеште россиялык жана чет элдик 10-14 жаштагы кыздар жана 12-16 жаштагы балдар ат салышкан

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык сууда сүзүүчүлөр Россиядагы мелдештен байгелүү кайтышты. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерация билдирди.

Мелдеш 1-ноябрдан 5-ноябрга чейин Ханты-Мансийск шаарында өткөн. Анда россиялык жана чет элдик 10-14 жаштагы кыздар менен 12-16 жаштагы балдар сууда сүзүп жарышка түшкөн.

Спорттук иш-чарада ата мекендик өспүрүм спортчулар төрт алтын, үч коло медаль тагынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0