Футболчу Кичин КРдин курама командасында ойноодон баш тартып, себебин айтып берди

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчусу Валерий Кичин. Архив
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчусу Валерий Кичин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кичин курама команданын вице-капитаны болчу, буга чейин бир нече ирет кыргызстандык футболчуларды оюн талаасына алып чыккан жайы бар.

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Валерий Кичин 16-октябрь күнү Кыргызстандын футбол боюнча курама командасына аны беттештерге чакырбоо тууралуу кат жөнөткөнүн федерациянын вице-президенти Дастан Конокбаев билдирди.

Буга чейин команданын вице-капитаны болуп келген Кичин бир нече ирет кыргызстандык футболчуларды оюн талаасына чыгарып келген. Sputnik Кыргызстан агенттиги Россиянын "Енисей" клубу үчүн ойногон Кичиндин өзү менен байланышып көрдү.

"Клубдагы ишмердүүлүгүмө олуттуу мамиле жасайын дедим. Курама команданын айынан клубда бир топ кыйынчылыктарга туш болдум. Эч ким эч кандай басым жасаган жок. Бул жеке менин чечимим", — деди футболчу.

Кичин сөзүнүн аягында бардык күйөрмандарына ыраазычылык билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0