"Кыл чайнаш": десантчы Орлов рингде журналистти жеңип алды

© Фото / АГН "Москва"/Андрей НикеричевАлександр Орлов, ударивший корреспондента НТВ и пермский журналист Роман Четин
Александр Орлов, ударивший корреспондента НТВ и пермский журналист Роман Четин - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Журналист менен десантчынын ортосунда кызыктуу таймаш болду

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. “Колобок” каймана аты менен таанымал Александр Орлов менен журналист Роман Четиндин ортосундагы бокста Орлов жеңип чыкты. 

Эске салсак, НТВ каналынын репортеру Никита Развозжаева 2-август күнү аба десанттарынын майрамына карата репортажды алып барып жаткан жеринен аны десантчы Александр Орлов уруп ийген.

АКШнын Колорадо-Спрингс шаарында өткөн эркин күрөш боюнча эл аралык турнирде Кыргызстандын гимни жаңырды. Бул мелдештен кыргызстандык балбан Самат Надырбек уулу алтын медаль багындырды - Sputnik Кыргызстан
Балбан Саматтын жеңиши. АКШда кыргыз гимни жаңырып, туусу бийик көтөрүлдү
Мындан кийин таяк жеген журналисттин кесиптеши Роман Четин соңиалдык тармактар аркылуу Орловду күч санышууга чакырган. Атаандашы сунушка дароо макул болгону менен таймаш эки ирет жылдырылып, бүгүн гана Москва шаарында өттү. 

Төрт раундга созулган таймашта, атаандаштар бири-биринен калышпай, кызыктуу мелдеш көрсөтүштү. 

Маалыматка караганда, Четиндин салмагы 96 килограм болсо, каршылашыныкы 111ге жеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0