Италия футбол боюнча дүйнө чемпионатына өтпөй калды

© REUTERS / MAX ROSSIМатче за путевку на чемпионат мира-2018. Италия — Швеции
Матче за путевку на чемпионат мира-2018. Италия — Швеции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнө биринчилиги 2018-жылы Россияда өтөт

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Италиянын футбол боюнча курама командасы 2018-жылы Россияда өтүүчү дүйнөлүк чемпионатка жолдомо берген чечүүчү беттеште Швециянын тобунан жеңилип калды.

Эки команда арасындагы алгачкы оюн Швецияда өтүп, Италия 1:0 эсебинде жеңилген болчу. Ал эми Миланда өткөн жооптук оюн тең эсеп менен аяктады.

Италия 1958-жылдан бери биринчи жолу дүйнө чемпионатынан куру жалак калды.

Мындан сырткары, оюн аягында Италиянын дарбазачысы Жанлуижи Буффон курама командадагы каьерасын токтотконун айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0