Португальский форвард Реал Мадрида Криштиану Роналду

Криштиану Роналду "Реал" клубунан чыгарын айтып, себебин түшүндүрдү

2250
(жаңыланган 10:35 16.11.2017)
Футболчу Испаниянын клубунда 2009-жылдан бери ойноп келет

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Португалия курама командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду сезон аяктагандан кийин Мадриддин "Реал" клубунан кетүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Р-Спорт жазып чыкты.

Роналду өзүнүн каалоосу тууралуу "Реал" клубунун президенти Флорентино Пересуга билдирген. Бирок ал 32 жаштагы футболчунун келишими 2021-жылы аяктай турганын айтып, аны кое берүү оюнда жок экенин белгилеген.

Португалиялык футболчу мындай чечимге "Реал" клубунун дүйнөлүк класстагы футболчуларды өз курамына алуу аракети түрткөнүн айтып, бул кадамды ал сыйлабастык мамиле катары кабыл аларын жүйө келтирген. Клуб караштырып жаткан оюнчулардын катарында "Монакодон" "Пари Сен-Жермен" клубуна өтүп кеткен Килиан Мбаппе дагы бар.

Роналду "Манчестер Юнайтед" клубунан 2009-жылы кетип, "Реалда" ошол эле жылдын жай айларынан тарта ойной баштаган.

2250
Белгилер:
Реал Мадрид ФК, Криштиану Роналду
Тема боюнча
Криштиану Роналду төртүнчү ирет ата болду
Криштиану Роналду салык төлөбөгөнү үчүн кесилип кетиши мүмкүн