БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Жер менен сүрүлүп күрөшчүлөрдүн мелдешин караган калыстын видеосу интернетте тездик менен тарап жатат. Бул тууралуу The Daily Mail басылмасы жазып чыкты.
It’s wrestling season.. which means we gonna see a whole bunch of refs doin this 😂😂 pic.twitter.com/LpwvRORwKc
— cam;) (@Cams_hungry2) 15 ноября 2017 г.
Cams_hungry2 аттуу колдонуучу Twitter баракчасына 18 мүнөттүк видео жарыялаган. Анда беттешке көз салган калыс күрөшчүлөрдү жакшы караш үчүн жер менен сүрүлүп баратканын көрүүгө болот.
"Күрөш башталды. Эми калыстардын мындай кадамдарын көп көрөт экенбиз", — деп жазды ал.
Бул окуя Техас штатынын Сан-Бенито шаарында өспүрүмдөрдүн аймактык беттештери учурунда тартылган.
Айрымдары калысты сыймаланган бийчи деп да атап жиберишти.
Учурда бул постту 43 миң киши бөлүшүп, 97 миңден ашык киши жактырган.