Хантураев: эмки жылы Тилек Жээнбеков менен беттешейин, жарайбы?

Жазылуу
Көпчүлүктүн бүйүрүн чемпиондук кур үчүн чыга турчу Өзбекстандын мушкери Мурод Хантураевдин кыска жана куйкум жооптору кызытты.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Бүгүн саат 18:00дө борбордогу Кожомкул атындагы спорт сарайында эл аралык Бүткүл дүйнөлүк кулатуу эр таймаш федерациясынын "WEF Global 10: Улуу жибек жолунун баатырлары" аттуу юбилейлик турнири болот.

Турнир алкагында 18 беттеш өтөт, анын үчөөндө алты мушкер WEF уюмунун чемпиондук куру үчүн ат салышат.

Кечээ WEF турнирине катыша турган мушкерлер маалымат жыйын өткөрүп, көз караштар таймашын уюштурган. Ага Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы да күбө болуп келген.

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандык оор салмактагы ММА мушкери Тилек Жээнбеков
Кыргызстандык оор салмактагы ММА мушкери Тилек Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
1/2
Кыргызстандык оор салмактагы ММА мушкери Тилек Жээнбеков
© Фото / федерация WEF"Азия аюусу" каймана аты менен белгилүү өзбекстандык Мурод Хантураев
Азия аюусу каймана аты менен белгилүү өзбекстандык Мурод Хантураев - Sputnik Кыргызстан
2/2
"Азия аюусу" каймана аты менен белгилүү өзбекстандык Мурод Хантураев
1/2
Кыргызстандык оор салмактагы ММА мушкери Тилек Жээнбеков
2/2
"Азия аюусу" каймана аты менен белгилүү өзбекстандык Мурод Хантураев

Иш-чара маалында беттеше турган спортчулар ышкыбоздордун кара терге салган суроосуна жооп беришти.

Көпчүлүктүн бүйүрүн чемпиондук кур үчүн чыга турган Өзбекстандын "Азия аюусу" каймана аты менен таанымал мушкери Мурод Хантураевдин кыска жана куйкум жооптору кызытты.

Спорт сүйүүчү: — Мурод, сиз өткөргөн беттештер бир мүнөткө жетпей жеңиш менен аяктайт. Эл арасында сизди атаандаштардын алы жогураагын тандайт деген кептер айтылат. Бул чынбы?

Хантураев: — Мен анда утулушум керекпи? Ошондо анан Хантураев күчтүү мушкер экен деп айтасыздарбы? 

© Sputnik / Табылды КадырбековWEF уюмунун чемпиондук куру үчүн ат салыша турчу мушкерлер Мурод Хантураев (Өзбекстан) жана Константин Андрейцев (Россия). 93 килограммдан өйдө
Дуэль взглядов бойцов-участников турнира WEF Global 10: Воины великого шелкового пути в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
WEF уюмунун чемпиондук куру үчүн ат салыша турчу мушкерлер Мурод Хантураев (Өзбекстан) жана Константин Андрейцев (Россия). 93 килограммдан өйдө

Спорт сүйүүчү: — Сизге кыргызстандык оор салмактагы белгилүү мушкер Тилек Жээнбеков беттешке чыгууну сунуштаган, бирок Мурод баш тартып койгон деп айтышат….

Хантураев: — Мындай да, мен "сизге баланча мушкер чыгам десе баш тартыпсыз, тигиге макул болбой коюптурсуз" деген сөздөрдү көп эле угам. Алыстан сөз менен эмес, расмий түрдө кайрылган мушкерлердин сунуштарынын бардыгын кабыл алууга даярмын. Эрежесиз уруштагы карьерамды эми гана баштап жатам десем болот. Эмки жылы беттеш Тилек Жээнбеков менен болсун, жарайбы?

Спорт сүйүүчү: — Сиз менен чемпиондук кур үчүн кармаша турган Константин Андрейцев тууралуу эмне айта аласыз? 

© Sputnik / Табылды КадырбековМурод Хантураев: алыстан сөз менен эмес, расмий түрдө кайрылган мушкерлердин сунуштарынын бардыгын кабыл алууга даярмын
Дуэль взглядов бойцов-участников турнира WEF Global 10: Воины великого шелкового пути в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Мурод Хантураев: алыстан сөз менен эмес, расмий түрдө кайрылган мушкерлердин сунуштарынын бардыгын кабыл алууга даярмын

Хантураев: — Мен атаандаштарымды сыйлайм. Константинди күрөштө жакшы экендигин билем. Андыктан күйөрмандарымды дагы бир нокаут менен сүйүнтөм деп ойлойм.

Андрейцев: — Мени Муроддун өзүнө ишенгендиги кубандырат. Бирок нокаутка Муродду биринчи мен кетирем.

WEF уюмунун чемпиондук куру үчүн ат салыша турчу мушкерлер Кылычбек Саркарбаев (Кыргызстан) жана Али Мухаммед (АКШ) - Sputnik Кыргызстан
Сазайыңды октагондон берем! WEF турниринде сес көрсөткөн мушкерлердин сүрөтү
Эске сала кетсек, 8-сентябрда өткөн WEF Global 9 турниринде чемпиондук кур үчүн кыргызстандык Мирзамидин Пазылов менен Ариет Бекишов беттешмек. Бирок Пазылов алган жаракатына байланыштуу Бекишев менен казакстандык Рустам Сайдуллаев чыгып, беттеш кыргызстандык мушкердин жеңиши менен аяктаган.

Спорт сүйүүчү: — Мирзамидин, сиз мурда чемпиондук кур үчүн беттешмей болуп, бирок бул ой ишке ашпай калган. Эми өткөн таймашта Ариет Бекишевдин сиздин ордуңузга чыккан атаандашы менен беттешкени жатасыз. Жеке божомолуңуз кандай?

Пазылов: — Менин биринчи максатым — атаандашым Рустам Сайдуллаевди ордуна коюп, тезинен Ариет Бекишевден чемпиондук курун чечип алуу.

© Фото / федерация Кулатуу эртаймашКазакстандык Рустам Сайдуллаев жана кыргызстандык Ариет Бекишев беттеш учурунда
Боец смешанных единоборств Ариет Бекишев - Sputnik Кыргызстан
Казакстандык Рустам Сайдуллаев жана кыргызстандык Ариет Бекишев беттеш учурунда

Сайдуллаев: — Өткөндө Бекишев менен беттешем деген чечимди төрт күндүн ичинде кабыл алгам. Бул жолу эки ай тер төгө машыктым. Сиздер эртең башка Рустамды көрөсүздөр.

Кийинки суроо кыргызстандык Нурлан Токтобакиевге узатылды. Анын атаандашы, өзбекстандык Азамат Баходурзоданын экөөнүн салмагында бир топ эле айырмачылык бар.

Спорт сүйүүчү: — Нурлан, атаандашыңыздын салмагы сизден 35 килограмм оор экен. Тизелеп калам деп коркпойсузбу? Себеби былтыр бир турнирде дал ушул чоң салмак көйгөйүнөн улам жеңилүү ызасын тартпадыңыз беле? 

© Sputnik / Табылды КадырбековРейтинг үчүн беттеше турган мушкерлер Азамат Баходурзода (Өзбекстан) жана Нурлан Токтобакиев (Кыргызстан)
Дуэль взглядов бойцов-участников турнира WEF Global 10: Воины великого шелкового пути в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Рейтинг үчүн беттеше турган мушкерлер Азамат Баходурзода (Өзбекстан) жана Нурлан Токтобакиев (Кыргызстан)

Токтобакиев: — Кудайдын буйруганын көрөбүз.

Эл аралык WEF Global 10 турниринде чемпиондук кур үчүн ат салыша турган кыргызстандык Кылычыбек Саркарбаев менен америкалык Али Мухаммедге төмөнкүдөй суроолор узатылды. 

Спорт сүйүүчү: — Али, атаандашыңыз Кылычбек Саркарбаев тууралуу эмне деп айта аласыз? 

© Sputnik / Табылды КадырбековКылычбек Саркарбаев (Кыргызстан) жана Али Мухаммед (АКШ). 93 килограммдан өйдө
Взвешивание бойцов-участников турнира WEF Global 10: Воины великого шелкового пути - Sputnik Кыргызстан
Кылычбек Саркарбаев (Кыргызстан) жана Али Мухаммед (АКШ). 93 килограммдан өйдө

Али Мухаммед: — Мен Кыргызстанга жеңиш үчүн келдим. Дал ушул беттеш менин спорттук карьерамдын жаңы профессионалдуу баскычы болот. Атаандашым Кылычбек бокста да, күрөштө да жакшы экенин билем. Эртең болуп көрбөгөндөй кызыктуу беттеш тартуулайбыз деп ойлойм.

Саркарбаев: — Кимдин мыкты экендиги сегиз бурчтукта аныкталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0