Мушкерлер Хантураев менен Саркарбаев жаза басты. WEF түшүндүрмөсү

© Sputnik / Табылды КадырбековТурнир "WEF Global 10: Воины великого шелкового пути" в Бишкеке
Турнир WEF Global 10: Воины великого шелкового пути в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүткүл дүйнөлүк кулатуу эр таймаш федерациясынын (World ertaymash Federation) президенти Руслан Кыдырмышев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине эл аралык WEF Global 10 турниринин жүрүшү тууралуу айтып берди.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Кечээ борбордогу Кожомкул атындагы спорт сарайында Бүткүл дүйнөлүк кулатуу эр таймаш федерациясынын эл аралык "WEF Global 10: Улуу жибек жолунун баатырлары" аттуу юбилейлик турнири болуп өттү.

Турнир алкагында 15 беттеш өтүп, анын үчөөндө алты мушкер WEF уюмунун чемпиондук куру үчүн ат салышты.

Мушкерлердин кыл чайнашкан кармашы! WEF Global 10 турнири кандай өттү - Sputnik Кыргызстан
Мушкерлердин кыл чайнашкан кармашы! WEF Global 10 турнири кандай өттү
Беттеште "Алгыр" каймана аты менен таанымал кыргыз мушкери Актилек Жумабек уулу россиялык Магомедрасул Магомаевди биринчи раундда техникалык нокаут менен жеңип, дүйнө чемпиону аталды. Ал эми "Азия аюусу" аталган өзбекстандык Мурод Хантураев Россиядан келген Константин Андрейцевге, "Сайфулло" каймана аты бар кыргызстандык Кылычбек Саркарбаев АКШнын намысын коргогон Али Мухаммедге утулуп, чемпиондук курдан куру калышты.

Бүткүл дүйнөлүк кулатуу эр таймаш федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине эл аралык турнирдин жүрүшү тууралуу айтып берди.

Кыдырмышевдин айтымында, дүйнө чемпиондугуна ат салышкан айрым мушкерлердин жыйынтыгы күтүүсүз болду.

Хантураев тапшырмасын унутуп койду

Мурод Хантураевдин жыйынтыгы спорт сүйүүчүлөр үчүн гана эмес, жеке мен үчүн дагы күтүүсүз болду. Бул жигиттин урушуу ыкмасы — атаандашты чагылгандай бат жана тез утуу. Ал бул жолу дагы россиялык мушкер Константин Андрейцевди ушундай ыкма менен жеңип алам деп ойлогон. Бирок алдыга койгон тапшырмасын унутуп койду. Башкача айтканда, күчүн пландан ашыкча сартптап салып, спорттун тили менен айтканда "күйүп кетти". Хантураев биринчи жолу ушундай абалда көрдүк. Акыркы учурда эл арасында Хантураев атаандаштарын алдын ала тандайт деген кептер айтылып жүргөн. Андрейцевге утулушу көптөр үчүн жооп болду окшойт. (ВИДЕО)

Кылыч Саркарбаевдин утулушуна үч жылдык тыным алганы себеп

"Сайфулло" атка конгон Кылыч Саркарбаев Кыргызстандын легендарлуу мушкери. Анын америкалык Али Мухаммедге жеңилиши үч жыл октагонго чыкпагандыгы себеп. Беттешке үзгүлтүксүз чыккан мушкер беттешти дайыма сезет. Саркарбаев бул жагынан аксап калды. Экинчиден, атаандашынын салмагы өзүнөн 7 килограмм оор болду, үчүнчүдөн, беттешке чейин колунан жаракат алган. Турнирдин уюштуруучулары беттешке чыкпай эле коюусун өтүнсө "артка чегинбейм" деп жооп берген. Балким жеңилүүгө ушулар себеп болгондур. (ВИДЕО)

Актилектин жеңиши — ак

"Алгыр" аты менен аты чыккан Актилек Жумабек уулу биринчиден, тажрыйбалуу мушкер, экинчиден, даярдыгы жогорку деңгээлде эле. Керек болсо чет мамлекеттен WEF Global 10 турнирине Актилек менен беттешке чыкпайбыз деген мушкерлер да болгон. Атаандашы Магомедрасул Магомаев да жөнөкөй мушкерлерден эмес болчу, бирок "Алгыр" алдуу экендигин көрсөтүп, чемпиондук курун коргоп калды. (ВИДЕО)

Турнирдин жеңүүчүлөрү;

57 килограммга чейин

Мырзамидин Пазылов (Кыргызстан) — I раундда муунтуу ыкмасы;

66 килограммга чейин

Абдулгаджи Газиев (Кыргызстан) — калыстардын чечими менен;

Алтынбек Мамашев (Кыргызстан) — I раундда муунтуу ыкмасы;

71 килограммга чейин

Саидхамзад Ханукаев (Россия) — калыстардын чечими менен;

Муса Юсупов (Кыргызстан) — калыстардын чечими менен;

Ринат Саякбаев (Кыргызстан) — I раундда муунтуу ыкмасы;

Бактыбек уулу Өктөм (Кыргызстан) — II раундда техникалык нокаут;

77 килограммга чейин

Шамил Цакуев (Россия) — II раундда муунтуу ыкмасы;

Рамазан Никарамазанов (Кыргызстан) — калыстардын чечими менен;

84 килограммга чейин

Екпер Гаджиэкперов (Россия) — II раундда техникалык нокаут;

Нурсултан Розибоев (Өзбекстан) жана Эрболот Өмүрзаков (Кыргызстан) тең чыкты;

93 килограммга чейин

Азамат Баходурзода (Өзбекстан) — I раундда муунтуу ыкмасы;

Турнирдин чемпиондору:

77 килограммдан өйдө

Жумабек уулу Актилек (Кыргызстан) — I раундда техникалык нокаут;

93 килограммдан өйдө

Константин Андрейцев (Россия) — I раундда техникалык нокаут;

Али Мухаммед (АКШ) — II раундда техникалык нокаут;

Жаңылыктар түрмөгү
0