КРдин улуттук курама командасы FIFA рейтингинде беш сапка жогорулады

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын футбол боюнча курма командасы. Архив
Кыргызстандын футбол боюнча курма командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Беш тепкичке өйдөлөөгө улуттук команданын Макао курамасын жеңип алган өбөлгө болгон. Октябрь айындагы тизмеде кыргызстандык команда 120-сапта болчу.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Футбол боюнча улуттук курама команда Эл аралык футбол федерациясынын жаңыланган рейтингинде беш сапка жогорулап, көрсөткүчүн жакшыртты. Бул тууралуу маалымат аталган уюмдун сайтына жарыяланды.

Футбол. РФПЛ. Матч Урал - ЦСКА - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык футболчулар Индонезияда төрт команда менен күч сынашат
Жаңы түзүлгөн тизмеде Кыргызстан 115-орунду ээлеп турат, бир ай мурун 120-сапта экени айтылган.

Беш тепкичке өйдөлөөгө улуттук команданын Макао курамасын 4:3 эсебинде жеңип алганы өбөлгө болгон.

Айдын мыкты командасы деп дароо 18 сапка жогорулаган Түндүк Кореянын футболчулары аталып, 114-орунду ээледи. Ал эми начар болуп 22 тепкичке ылдыйлаган Лаос командасы табылды.

Биринчи орунду мурдагыдай эле Германиянын футболчулары бербей келет. Экинчиде Бразилия турса, үчүнчү сапты Португалия ээлеген.

Кийинки рейтинг 21-декабрда жаңыланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0