Кыргыз мушкери бразилиялык атаандашын сулата чаап жеңишке жетти. Видео

© Facebook/ M-1 Global - официальная страницаКыргызстандык мушкер Бусурманкул Абдубаит уулу M1-Challenge 86 эл аралык турниринде бразилиялык Диего Давеллону биринчи раундда техникалык нокаут менен жеңип алды
Кыргызстандык мушкер Бусурманкул Абдубаит уулу M1-Challenge 86 эл аралык турниринде бразилиялык Диего Давеллону биринчи раундда техникалык нокаут менен жеңип алды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул кыргызстандык спортчунун реванш беттеши болчу

БИШКЕК, 25-ноябрь. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Бусурманкул Абдубаит уулу M1-Challenge 86 эл аралык турниринде бразилиялык Диего Давеллону биринчи раундда техникалык нокаут менен жеңип алды. Бул тууралуу маалыматты спортчунун машыктыруучусу Кенжебек Чекиров билдирди. 

Турнир 24-октябрда Россиянын Назрань шаарында өткөн. 

Турнир WEF Global 10: Воины великого шелкового пути в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кан жана кара тер менен келген жеңиш. WEF турниринен ирмемдер
Чекировдун айтымында, бир ай мурда M1-Challenge 83 турниринин алкагында эки мушкер ат салышып, бирок экинчи раундда калыстардын чечими менен тең чыгышкан. Бул спортчулардын реванш беттеши. 

Бусурманкул Абдубаит уулу спорт айдыңында "Алай" каймана аты менен белгилүү. 2011-жылдан бери Fighter KG спорт клубунда машыктыруучу Кенжебек Чекировдун колунда тарбияланат. 

Спортчулардын рейтингин аныктаган Sherdog порталындагы маалымат боюнча спортчу 9 жолу жеңишке жетип, 2 жолу утулган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0