Саркарбаевди жеңген Алинин чемпиондук куру артка кайтарылды. Окуянын чоо-жайы

© Sputnik / Табылды КадырбековДүйнө чемпиондугу үчүн Кылычбек Саркарбаев (Кыргызстан) менен Али Мухаммеддин беттеши
Дүйнө чемпиондугу үчүн Кылычбек Саркарбаев (Кыргызстан) менен Али Мухаммеддин беттеши - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Турнир өткөндөн кийин Кылыч Саркарбаевдин машыктыруучулук штабы беттештин жыйынтыгы боюнча нааразычылык жарыялаган

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Бүткүл дүйнөлүк кулатуу эр таймаш федерациясынын турниринде чемпиондук кур үчүн ат салышкан кыргызстандык Кылыч Саркарбаев менен египеттик Али Мухамеддин беттеши жокко чыгарылды. Бул тууралуу WEF федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев билдирди.

Эки мушкердин беттеши "WEF Global 10: Улуу жибек жолунун аскерлери" эл аралык турниринин алкагында 22-ноябрда борбордогу Кожомкул атындагы спорт сарайында өткөн. 

Кыдырмышевдин айтымында, беттештин экинчи раундунда Мухаммед кыргызстандык Саркарбаевге бир нече жолу сокку урганда, рефери беттешти токтотуп, техникалык нокаут менен жеңди деп Мухаммеддин колун көтөргөн.

Турнир өткөндөн кийин Кылыч Саркарбаевдин машыктыруучулук штабы беттештин жыйынтыгы боюнча нааразычылык жарыялаган.

"Саркарбаевдин штабы нааразычылык билдиргенден кийин, эл аралык калыстар тобу ишти карап чыгып, рефери кармашты эрте токтотуп салган деген жүйөө менен беттешти жокко чыгарды. Башкача айтканда Али Мухаммед чемпиондук наамынан ажырап, бизден сувенир эле алып кеткен болот" — деди Кыдырмышев.

Ал ошондой эле эгер Мухаммед менен Саркарбаев реванш беттешке макулдугун беришсе, WEF Global турниринин кийинки серияларында эки мушкердин жолугушуусу боло тургандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0