Кыргызстандык спортчулар пауэрлифтинг боюнча дүйнө чемпионатында ат салышат

© Sputnik / Табылды КадырбековПауэрлифтинг спортчусу. Архив
Пауэрлифтинг спортчусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спортчуларды мелдешке катыштыруу үчүн эки миллион сомго жакын акча бөлүндү

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык спортчулар пауэрлифтинг боюнча дүйнө биринчилигине катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Кыргызстандык мушкер Бусурманкул Абдубаит уулу M1-Challenge 86 эл аралык турниринде бразилиялык Диего Давеллону биринчи раундда техникалык нокаут менен жеңип алды - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз мушкери бразилиялык атаандашын сулата чаап жеңишке жетти. Видео
Маалыматка ылайык, мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасындагы чемпионат 29-ноябрдан 7-декабрга чейин Мехико шаарында өтөт. Кыргызстандын атынан аталган мелдешке беш спортчу катышып, алар Мексикага 29-ноябрда учуп кетишет.

Спортчуларды мелдешке катыштыруу үчүн Олимпиадалык эмес спорттун түрлөрү боюнча дирекция эки миллион сомго жакын акча бөлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0