Англияда футбол күйөрманы бир нече мүнөт арбитр болуп турду. Видео

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүФутбол. РФПЛ. Матч "Рубин" (Казань) - "Терек" (Грозный)
Футбол. РФПЛ. Матч Рубин (Казань) - Терек (Грозный) - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Норвич" жана "Престон Норт Энд" клубдарынын мелдеши ишемби күнү өтүп, 1:1 эсеби менен аяктаган.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Футболдук мелдеште англиялык "Норвич" клубунун күйөрманы Дэвид Торнхилл төртүнчү арбитрдин ордуна калыстык кылганын Р-Спорт жазды.

"Норвич" жана "Престон Норт Энд" клубдарынын мелдеши ишемби күнү өтүп, 1:1 эсеби менен аяктаган.

"Оюн бүтө жаздап калганда төрт калыстын бири жаракат алган. Ал эми бул мелдешке кошумча арбитр келбегендиктен, анын ордуна "Норвич" командасынын күйөрманы жардамга келди", — деп жазылат маалыматта.

​Торнхилл адистерден кыскача түшүндүрмө алган соң, арбитрдын курткасын кийип ишке киришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0