Турникте ойногон бала. Архивдик сүрөт

Бишкекте көчө спортунун фестивалы өтөт

56
(жаңыланган 11:59 27.11.2017)
Иш-чарага жарым миңге чукул адамдын катышары айтылууда

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Борбор калаада "Жашоого аралаш" деген аталыштагы стрит-воркаут фестивалы өтөт. Бул туурасында БУУнун баңгизат жана кылмыштуулукка каршы башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Спорттук иш-чараны БУУнун баңгизат жана кылмыштуулукка каршы башкармалыгы Жаштар иштери, ден тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги уюштурууда.

Бул фестивалга жарым миңге чукул адамдын — Кыргызстандын жаш спортчуларынын, аз камсыз болгон бүлөлөрдүн балдарынын, республиканын аймагындагы майып жана жаңы конушта жашаган балдардын катышаары айтылууда.

Максат — жаштар арасындагы мыйзам бузуучулуктун алдын алуу дешти уюштуруучулар.

Воркаут — үйрөнчүктөрдүн жана "көчө" спортунун түрү. Анда турниктерге жана ага окшогон спорттук шаймандарга тартылып, айланып, күүлөнүшөт.

56
Белгилер:
иш-чара, Спорт, Бишкек
Тема боюнча
Кыргыз мушкери бразилиялык атаандашын сулата чаап жеңишке жетти. Видео
Эсен Асанов Польшада өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло тагынды
Пикирлер