Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттагы командалардын каршылаштары. Тизме

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүОфициальная жеребьевка чемпионата мира по футболу 2018
Официальная жеребьевка чемпионата мира по футболу 2018 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анда дүйнө биринчилигинде ат салыша турган 32 команда сегиз топко бөлүндү

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатка катышкан командалардын каршылаштары аныкталды. Бул тууралуу Р-Спорт жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, чучукулак 1-декабрда Москвадагы Кремлде өткөн. Анда дүйнө биринчилигинде ат салыша турган 32 команда сегиз топко бөлүнгөн.

А тобу Россия, Сауд Аравия, Египет, Уругвай;

В тобу Португалия, Испания, Марокко, Иран;

С тобу Франция, Австралия, Перу, Дания;

D тобу Аргентина, Исландия, Хорватия, Нигерия;

Е тобу Бразилия, Швейцария, Коста-Рика, Сербия;

F тобу Германия, Мексика, Швеция, Түштүк Корея;

G тобу Бельгия, Панама, Тунис, Англия;

H тобу Польша, Сенегал, Колумбия, Япония.

Эске сала кетсек, чемпионат 2018-жылы 14-июндан 15-июлга чейин Россиянын Москва, Калининград, Санкт-Петербург, Волгоград, Казань, Нижний Новгород, Самара, Саранск, Ростов-на-Дону, Екатеринбург жана Сочи шаарларында өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0