Дзюдо боюнча өтчү "Хан Манас" турниринде 7 өлкөнүн спортчулары күч сынашат

© Sputnik / Табылды КадырбековЧемпионат Кыргызстана по дзюдо
Чемпионат Кыргызстана по дзюдо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдеш 16-17-декабрь күндөрү өтөт

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Борбор калаадагы "Газпром" ден соолукту чыңдоо борборунда 16-17-декабрь күндөрү дзюдо боюнча VIII "Хан Манас" эл аралык турнири өтөт. Бул туурасында Дзюдо федерациясынан билдиришти.

Турнирди Дзюдо федерациясы "Кыргыз эл" коомдук бирикмеси менен биргеликте уюштурууда. Ага Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Россия, Өзбекстан, Иран жана Индия мамлекеттеринин 400гө чукул спортчулары катышат.

"Хан Манас" эл аралык турнири 2010-жылдан бери уюштурулуп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0