Бишкекте сууда сүзүүчүлөр өлкө кубогу үчүн ат салышат

Жазылуу
Мелдеште кыз-келиндер менен эркектер 50, 100, 200 жана 400 метр аралыкка жарышат

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Бишкекте сууда сүзүү боюнча өлкө кубогу ойнотулат. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан билдиришти.

Чемпионат Кыргызстана по дзюдо - Sputnik Кыргызстан
Дзюдо боюнча өтчү "Хан Манас" турниринде 7 өлкөнүн спортчулары күч сынашат
Маалыматка ылайык, мелдеш 15-16-декабрь күндөрү өтөт. Ага ата мекендик 12 команда жана КМШ өлкөлөрүнөн келген спортчулар катышат.

Мелдеште кыз-келиндер менен эркектер 50, 100, 200 жана 400 метр аралыкка сүзүшөт.

Спорттук иш-чара сууда сүзүүнү жайылтуу жана күчтүү спортчуларды өлкөнүн курама командасына тандап алуу максатында уюштурулууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0