Мушкер Эмилбеков кайрадан ММА боюнча эл аралык турнирде ат салышмай болду

© Sputnik / Жоомарт УраимовКыргызстандык мушкер Самат Эмилбековдун архивдик сүрөтү
Кыргызстандык мушкер Самат Эмилбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эмилбековдун беттеши Бириккен Араб эмирлигиндеги Дубай шаарында өтөт

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Самат Эмилбеков "Phoenix Fighting Championship" спорттук уюму менен бир жолку беттеш өткөрүүгө келишим түздү. Бул тууралу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Бүткүл дүйнөлүк кулатуу эр таймаш федерациясынын вице-президенти, спортчунун машыктыруучусу Эмил Токтогонов билдирди.

Кыргызстандык мушкер Актилек Жумабек уулу - Sputnik Кыргызстан
Дүйнө чемпиону "Алгыр": балалыгым "Дордойдо" соода менен өттү
Машыктыруучунун айтымынында, Эмилбековдун беттеши 22-ноябрда Бириккен Араб эмирлигиндеги Дубай шаарында өтөт. Ушул эле Phoenix Fighting Championship турниринин алкагында кыргызстандык Антонина Шевченко дагы күч сынашат.

Белгилей кетсек, мушкер Самат Эмилбеков 26-ноябрда "Megdan Fight" спорттук уюмунун версиясы боюнча дүйнө чемпиону аталган.

Спортчулардын рейтингин аныктаган Sherdog порталындагы көрсөткүчү боюнча 10 жолу профессионалдуу беттеште утуп, 3 жолу жеңилүү ызасын тарткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0