Борбор калаада алыш күрөшү боюнча эл аралык турнир өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековМеждународный турнир серии Гран-при по борьбе на поясах в Бишкеке
Международный турнир серии Гран-при по борьбе на поясах в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдеште кыз-келиндер үч, эркектер төрт салмак категориясы боюнча күч сынашат

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Бишкек шаарында алыш күрөшү боюнча эл аралык турнир өтөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдеш 9-10-декабрь күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда болот. Ага Казакстан, Тажикстандан келген жана жергиликтүү спортчулар катышат. Анда кыз-келиндер үч, эркектер төрт салмак категориясы боюнча ат салышат.

Спорттук иш-чара Кыргыз эл баатыры Абсамат Масалиевдин жаркын элесине арналып уюштурулууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0