Россиянын жана олимпиада оюндарынын желектери. Архив

Россия спортчулары 2018-жылкы Олимпиадада өз желеги менен чыга албай калды

342
(жаңыланган 08:57 08.12.2017)
Россия тарап кызытма маселесине илешпеген спортчулардын бардыгы олимпиадага катышууга укук алышы керек деп көшөргөн

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Россиялык спортчуларга Пхенчхандагы (Түштүк Корея) 2018-жылдагы оюнда олимпиада желеги менен гана чыгууга уруксат берилгени Эл аралык олимпиада комитетинин сайтында кабарланды. Бул туурасында Р-Спорт жазды.

Мындай чечимди Лозаннадагы Эл аралык олимпиада комитетинин аткаруучу комитети кабыл алган.

Оюндарга россиялык "таза" спортчулар катыша алат. 

Аталган комитет эки комиссиянын чечиминин негизинде чечим кабыл алды. Биринчисинин башында Денис Освальд туруп, ал Сочи олимпиадасынан россиялык спортчуларды допингден кайра текшерип чыккан. Анын ишинин натыйжасында Россия 11 сыйлыгынан ажырап, жалпы командалдык эсепте биринчи орунду албай калган. 

Экинчи комиссияга Швейцариянын президенти Самуэль Шмид башчылык кылып, россиялык допингге каршы системага мамлекеттин киришкени боюнча маалыматты текшерген. Экөө тең ишин Ричард Макларендин россиялык спортчуларынын кызытма-үлгүсүнүн алмаштырылышы боюнча WADA иликтөөсүнөн кийин баштаган. 

Россия тарап кызытма маселесине илешпеген спортчулардын бардыгы олимпиадага катышууга укук алышы керек деп көшөргөн. Октябрда Владимир Путин четке чыгарып салууну, ошону менен катар эле нейтралдык желек менен катышууга уруксат берүүнү басынткандык катары баалаган. 

2016-жылы Эл аралык олимпиада комитети кызытма боюнча күнөөлөөдөн улам, РИОдогу олимпиадада россиялык спортчуларын катышуусун кайра карап чыккан. Анда өлкөнүн курама командасы өз желеги менен катышууга укук алып, ал эми жеңил атлетикачылар четтетилип калган. 

342
Белгилер:
желек, допинг, Олимпиадалык оюндар, Россия
Тема боюнча
XXV кышкы Олимпиада оюндарын ким өткөрөрү Миландагы жыйында аныкталат
Пекин Олимпиадасында күнү тууган спортчуларыбыз кайда?
2028-жылкы жайкы Олимпиада оюндары Лос-Анжелесте өтүшү мүмкүн
Пикирлер