Кышкы Олимпиадада Кыргызстан спорттун эки түрү боюнча ат салышат

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүОлимпиада оюндарынын символикасы. Архив
Олимпиада оюндарынын символикасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык спортчулар учурда Швейцария, Австрия жана Россия өлкөлөрүндө машыгууда

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. 2018-жылкы кышкы Олимпиада оюндарына Кыргызстан тоо лыжа спорту жана биатлон боюнча катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчиси Джонг Бенг Ху жана консулу Ю Менг Су менен жолугушуу учурунда билдирди.

Тараптардын сүйлөшүүсүндө кийинки жылдын 9-25-февраль күндөрү Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында өтө турган кышкы Олимпиада оюндарына кыргыз спортчуларынын даярдыгы туурасында талкууланган.

"Кыргызстандын спортчулары тоо лыжасы боюнча Швейцария жана Австрия, биатлон боюнча Россияда машыгуу өткөрүп жатышат. Тоо лыжасы спортунан Евгений Тимофеев Олимпиадага катышууга лицензия алган", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчиси спортчуларды даярдоого бардык тарабынан жардам көрсөтүүгө дилгир экенин билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0