Бишкекте JFC MMA 3 турнири кандай өттү. Тексттик трансляция

Жазылуу
Аралаш мушташ боюнча ММА JFC Fight Night 2017 турнири кандай өтүп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окуңуздар.

Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда ММА JFC Fight Night 2017 турнири өтүп жатат. Анда Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Украина жана Чеченстандан келген мушкерлер беттешет.

Украиналык мушкер Ак аюу Мамасалиевди муунтуп салды. Беттештин видеосу - Sputnik Кыргызстан
Украиналык мушкер "Ак аюу" Мамасалиевди муунтуп салды. Беттештин видеосу
Кеченин программасы боюнча 12 беттеш өткөрүлөт. Анын ичинде "Жаш Куч" жана "Ахмат" клубдарынын мушкерлери 4х4 форматында беттешет (Кыргызстан менен Чеченстандын мушкерлери).

Ал эми чемпиондук кур үчүн кыргызстандык "Ак аюу" Мыктыбек Мамасалиев менен украиналык Юрий Проценко кармашат.

JFC Fight Night турнири Кыргызстандын борборунда үчүнчү ирет өтүп жатат.

2015-жылы ММА боюнча америкалык мушкер Жефф Монсонду жеңген кыргызстандык Замирбек Сыргабаев чемпион аталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0