Премьер-министр Сапар Исаков АКШда өткөн Barrington Ice Arena эл аралык турниринде биринчи орунду жеңип алган Бишкек шаарынын Алга Бишкек жаш курама командасына ыразычылык кат жана белектерди тапшырды

Силер кыргыздын сыймыгысыңар! Исаков кичинекей хоккейчилерди сыйлады

147
(жаңыланган 09:09 11.12.2017)
Өкмөт башчы жаш спортчуларды өкмөт үйүндө кабыл алып турнирдеги ийгиликтери менен куттуктаган

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков АКШда өткөн Barrington Ice Arena эл аралык турниринде биринчи орунду жеңип алган Бишкек шаарынын "Алга Бишкек" жаш курама командасына ыразычылык кат жана белектерди тапшырды. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

  • Премьер-министр Сапар Исаков встретился с хоккейной командой Алга Бишкек
    Премьер-министр Сапар Исаков АКШда өткөн Barrington Ice Arena эл аралык турниринде биринчи орунду жеңип алган Бишкек шаарынын "Алга Бишкек" жаш курама командасына ыразычылык кат жана белектерди тапшырды
    © Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
  • Премьер-министр Сапар Исаков встретился с хоккейной командой Алга Бишкек
    Исаков жаш спортчуларды өкмөт үйүндө кабыл алып, турнирдеги ийгиликтери менен куттуктап, алар ата мекендик спорттун жаңы тарыхый барагын ачып жатканын белгилеген.
    © Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
1 / 2
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Премьер-министр Сапар Исаков АКШда өткөн Barrington Ice Arena эл аралык турниринде биринчи орунду жеңип алган Бишкек шаарынын "Алга Бишкек" жаш курама командасына ыразычылык кат жана белектерди тапшырды

Исаков жаш спортчуларды өкмөт үйүндө кабыл алып, турнирдеги ийгиликтери менен куттуктап, алар ата мекендик спорттун жаңы тарыхый барагын ачып жатканын белгилеген. 

В Доме правительства Кыргызской Республики Премьер-министр Сапар Исаков встретился с юношеской сборной командой города Бишкек по хоккею с шайбой Алга Бишкек, завоевавшей первое место на Международном турнире Barrington Ice Arena, который проходил в США.
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Премьер-министр Сапар Исаков жана жаш хоккейчи Нуртемир Сулайманов

"Силер биздин сыймыгыбызсыңар. Мен үчүн силер менен жолугуу абдан чоң кубаныч. Жаш курагыңарга карабай эмгегиңер жана тырышчаактыгыңар менен ийгиликке жетип, өзүңөрдүн теңтуштарыңар жана чоңдор үчүн да үлгү боло алдыңар. Бул силердин чоң спортко карай алгачкы кадамыңар. Алдыда дагы жаңы ийгиликтер күтүп турат деп ишенебиз, ошону күтөбүз", — деп айтылат куттуктоо сөзүндө.

Жолугушуунун соңунда Кыргызстандын хоккей боюнча өспүрүмдөр курамасынын машыктыруучулары Ринат Мустафаевге, Саламат Тыналиевге жана команда мүчөлөрү Асан Абдыгулов менен Нуртемир Сулаймановго ыраазычылык каттар тапшырылды. Мындан тышкары, бардык жаш спортчуларды Исаков эстелик белектер жана сувенирлер менен сыйлады.

Жаш спортчулар АКШнын төрт командасы менен күч сынашкан. Алгачкы беттешинде "Ice Dogs 2" командасы менен кез келип 11:7 эсебинде утулуп калышкан. Бирок экинчи жана үчүнчү айлампада атаандаштарын чоң айырма менен жеңип чыккан. Оюндун финалында биринчи айлампада утулуп калган "Ice Dogs 2" командасы менен чыгып, тер агызган мээнет менен 8:7 эсебинде жеңишти камсыздашкан.

147
Белгилер:
хоккей, сыйлоо, Сапар Исаков
Тема боюнча
Чечүүчү шайба! АКШда кубанган хоккейчи бөбөктөр кол кабын асманга ыргытты
Кыргызстандын жаш хоккейчилери Чикагодо АКШнын командасы менен беттешти. Видео
АКШдан кубок уткан жаш хоккейчилер бүгүн таңда Бишкекке конушту. Сүрөттөр
Жээнбеков АКШда жеңишке жеткен хоккейчи бөбөктөрдү президенттик балатыга чакырды