Айсулуу Тыныбековага эл аралык "Золотой мангуст" сыйлыгы тапшырылды

© © SputnikУчастница Олимпиады-2016, борец Айсулуу Тыныбекова
Участница Олимпиады-2016, борец Айсулуу Тыныбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сыйлык тапшыруу аземи кечээ, 9-декабрда, Украинанын Одесса шаарында өткөн

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбековага эл аралык "Золотой мангуст" ордени ыйгарылды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине спортчунун машыктыруучусу Нурбек Изабеков билдирди.

Сыйлык тапшыруу аземи кечээ, 9-декабрда, Украинанын Одесса шаарында өткөн.

"Айсулуу кечээ сыйлык тапшыруу аземине катышып, дене тарбия жана спортко кошкон салымы үчүн сыйланды. Бизге анын бул сыйлыкка көрсөтүлгөнү туурасында бир жума мурун кабар келген", — деди Изабеков.

Тыныбекова 2017-жылы эл аралык жети турнирге чыгып, андан үч алтын, үч күмүш жана бир коло байге уткан.

Эл аралык "Золотой мангуст" сыйлыгы 2009-жылы Украинада негизделген. Кийин 2012-жылы эл аралык статусун алган. Ошондон бери жыл сайын дене тарбия жана спортко зор салымын кошкон инсандарга тапшырылып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0