Кыргызстандык спортчу фехтование боюнча эл аралык турнирде жеңүүчү аталды

© Фото / Касымов ОсмонжанКыргызстандын фехтование спорту боюнча курама командасы 3-10 декабрь күндөрү Чехиянын борбор калаасы Прага шаарында өткөн эл аралык "Дукла" турниринен байгелүү кайтты
Кыргызстандын фехтование спорту боюнча курама командасы 3-10 декабрь күндөрү Чехиянын борбор калаасы Прага шаарында өткөн эл аралык Дукла турниринен байгелүү кайтты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык "Дукла" турниринде дүйнөнүн чар тарабынан келген 117 спортчу ат салышкан

БИШКЕК, 11-lек. — Sputnik. Кыргызстандын фехтование спорту боюнча курама командасы 3-10 декабрь күндөрү Чехиянын борбор калаасы Прага шаарында өткөн эл аралык "Дукла" турниринен байгелүү кайтты. Бул тууралуу аталган федерациянын маалымат кызматы билдирди.

Жыл сайын өтө турчу "Дукла" турнирине быйыл Кыргызстандан төрт спортчу катышкан. Жыйынтыгында Жумабай уулу Даанышман биринчи орунду багындырса, калган үч спортчу алдыңкы орундарга илинди.

—  Жумабай уулу Даанышман — чоңдор арасында 1-орун;
— Бакытбек уулу Илим — жаштар арасында 4-орун, жалпы эсепте 17-орун;
— Абдыл Хамитова — жаштар арасында 5-орун, жалпы эсепте 19-орун;
—  Меруерт Качкынбаева — жаштар арасында 10-орун, жалпы эсепте 41-орун;

Турнирге Европа, Азия, Австралиянын жана Түштүк Америка республикасынын спортчулары катышып, жалпысынан 117 спортчу күч сынашкан. "Дукла" турнири 20 жылдан бери өткөрүлүп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0