Рингде утулуп көрбөгөн Акжол Сулайманбек уулу дагы бир жеңишти камсыздады. Сүрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековМеждународный турнир по боксу в Бишкеке
Международный турнир по боксу в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык турнир кечээ Екатеринбургда өткөн

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Акжол Сулайманбек уулу профессионалдар арасындагы беттеште россиялык атаандашы Андрей Исаевди жеңип алды. Бул туурасында мелдештин "Вконтакте" тармагындагы расмий баракчасына жарыяланды.

RCC Boxing промоутердик компаниясы тарабынан уюштурулган бокс боюнча Extra Round 3 аталышындагы эл аралык турнир 12-декабрда Екатеринбург шаарында өттү. Мекендешибиз 58 килограмм салмактагылар арасында беттешкен.

Боксчу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Рингде жеңилип көрбөгөн мушкер Акжол. Кийин Баткенге кайрылып келем
Ушуну менен рингде утулуп көрбөгөн Акжол Сулайманбек уулу тогузунчу жеңишин камсыздады. Ал 1990-жылы Баткен облусунда туулган. Бокс менен 2000-жылдан тарта алектенип келет. Аталган спорттун түрү боюнча КРдин үч жолку чемпиону. 2016-жылдан бери Екатеринбург шаарында спорттук карьерасын улантууда. Профессионалдар арасында 8 жолу беттеш өткөрүп, бир да жолу жеңилип көргөн эмес. WBC Asian Boxing Council Continental атылышындагы эл аралык турнирде чемпион аталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0