Мушкер Бусурманкул: спорттон сырткары ыр жазып, обон созом

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Алай" каймана аты менен таанымал мушкер Бусурманкул Абдубаит уулу маек учурунда
Алай каймана аты менен таанымал мушкер Бусурманкул Абдубаит уулу маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Fight News порталынын 2017-жылкы маалыматына ылайык ММА боюнча турнир өткөргөн дүйнөлүк уюмдардын ичинен M-1 Clobal бешинчи орунда турат. Алдыңкы төрттүктө UFC, Bellator, Absolute Championship Berkut, Fight Nignt Clobal уюмдары көрсөтүлгөн.

Жакында эле дал ушул бештикте турган M-1 Clobal спорттук уюму менен биринчи жолу кыргызстандык мушкер Бусурманкул Абдубаит уулу келишим түздү.

ММА жана грэпплинг боюнча дүйнө чемпиону, "Алай" каймана аты менен таанымал Бусурманкул Абдубаит уулу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине ийгилик сыры тууралуу кенен маек курду.

— М-1 Global дүйнөдөгү беделдүү спорттук уюм экен. Алардын турниринде күч сынашуу бакыт болсо керек?

— Бул менин көксөп жүргөн кыялдарымдын бири эле. Максатым ишке ашканына кубанып жатам. Биринчиден жоопкерчиликти талап кылат. Чоң турнирге ат салыша тургандан кийин атаандаштар дагы оңой болбойт. Намыс деген бар. Жер карабаш үчүн машыгууларды күчтөнтүп, ийгиликке умтулуш керек. Келишимдин эрежеси боюнча эки жылда алты беттеш өткөрөм. Бул аралыкта башка спорттук уюмдардын беттештерине чыкканга болбойт.

© Фото / Сейтек ТолтоевММА жана грэпплинг боюнча дүйнө чемпиону, "Алай" каймана аты менен таанымал Бусурманкул Абдубаит уулу
Боец смешанных единоборств Бусурманкул Абдубаитов - Sputnik Кыргызстан
ММА жана грэпплинг боюнча дүйнө чемпиону, "Алай" каймана аты менен таанымал Бусурманкул Абдубаит уулу

— Сиз аталган уюмдун турнирине эки жолу чыктыңыз. Ошондогу видеолоруңуз интернетте көп көрүүчү топтой алды. Балким, ушул көрсөткүчтөр дагы уюштуруучу тарапты келишимге кол коюуга түрткү бергендир. Деги эле айтсаңыз, ал жакта беттешүү сизге эмне алып келди?

Кыргызстандык мушкер Актилек Жумабек уулу - Sputnik Кыргызстан
Дүйнө чемпиону "Алгыр": балалыгым "Дордойдо" соода менен өттү
— Биринчи беттеш ушул жылдын 23-сентябрында M-1 Challenge 83 турниринин алкаганда болгон. Күч сынашууга макулдукту беш күн ичинде бергенбиз. Беттештин экинчи раундунда атаандашым Диего Давелла мага карата тыюу салынган сокку узаткандыгана байланыштуу уланталбай калып, натыйжада калыстар бизге тең чечим беришкен. Ошол эле учурда реванш-беттеш уюштуруп беребиз деп убада кылышкан. Эки айдан кийин M-1 Challenge 86 турниринде атаандашым менен реваншка чыктык. Спорттук карьерамда 12 беттеш өткөрсөм, анын тогузун биринчи раундда жеңиш менен аяктагам. Ошондуктан узакка чейин иштей албайт деп күмөн санагандар болсо керек. Бирок бул жолу үч раундка тең даяр болчумун. Анан экинчи раундда техникалык нокаут менен жеңип алдым.

Айта кетчү нерсе, атаандашым Диего Давелла өтө күчтүү мушкерлердин бири. Давелланын дүйнөдөгү бардык спортчулардын рейтингин аныктаган Sherdog порталындагы көрсөткүчү 18-7-1 болсо, меники 9-2-1. Былтыр мушкерлердин дүйнөлүк рейтингинде Давелла 74-орунда турса, мен 460-орунда турчумун. Азыр мен 195-орунга жеттим. Бул абдан жакшы көрсөткүч деп эсептейм.

— Атаандашыңыз Диего Дваелла реванш беттештин салмакка түшүү аземинде сизди карап ырайын бузуп, тилин сунуп, психологиялык жактан басым жасайын деди окшойт. Бирок сиз абдан токтоолук менен кабыл алдыңыз. Сырткы келбет алдамчы окшойт?

— Ар бир адамдын өзгөчөлүгү бар эмеспи. Беттештерге чыкканда абдан агрессивдүүмүн. Ошонун баары адамдын маанайынан көз каранды. Өзүмдү күчтөп, күүлөп, маашырланып алып чыгам. Беттешип жатканда эч кандай күмөн ой, сарсанаа, толкундоо болбошу керек. Бразилиялык атаандашымдын жоруктарына көңүл деле бурган жокмун. Аны спортто трэш-ток же сөз менен сес көрсөтүү деп коет. Демек, ал ошого даярданып келген. Ошол себептен мушкер беттешке чыгарда физикалык жактан гана эмес, психологиялык жактан дагы даяр болушу керек.

© Sputnik / Табылды КадырбековБусурманкул Абдубаит уулу: Кичинекей кезимен эле аралаш мушташка жакын болчумун. Эмнегедир универсалдуу нерселер жакчу. Грэпплинг мени ар тараптуулугу менен багындырды
Боец смешанных единоборств Бусурманкул Абдубаитов - Sputnik Кыргызстан
Бусурманкул Абдубаит уулу: Кичинекей кезимен эле аралаш мушташка жакын болчумун. Эмнегедир универсалдуу нерселер жакчу. Грэпплинг мени ар тараптуулугу менен багындырды

— M-1 Glodal спорттук уюмундагы келишимиңиз эки жылдан кийин бүтөт. Андан кийинки пландарыңыз кандай?

— ММА спортуна аралашкандан бери UFC лигасынын турниринде ат салышсам деген тилегим бар. М-1 Glodal эки жылдык келишимде алты беттеш өткөрсөм, ошонун бирөөндө чемпиондук кур үчүн дагы ат салышсам дейм. Балким эки беттеш өткөргөндөн кийин эле чемпиондук наамга беттеш коюп беришет. Азыр ошого аракеттер көрүлүп жатат. Ушул жерден бир нерсени белгилеп кетким келет. Жалгыз терек бак болбойт дейт. Мени ушул деңгээлге жеткирген командам FICHER.KG клубуна, анын ичинде машыктыруучум Кенжебек Чекировго ыраазычылыгымды билдирем. Спортто жардам берген бардык ага-инилерилериме рахматымды айтам.

— Учурда машыгуу үчүн чет жакка жөнөгөнү жатыптырсыз. Ошол тууралуу дагы айта кетсеңиз?

— Швециядагы Allstars залына барганы жатам. Ал жакта UFC уюмунун учурдагы мушкерлери машыгат. Ошондой спортчулардын жанында жүрүү чоң тажрыйба. Буга чейин ал залда эки жолу болгом. Бири-бирибизди жакшы тааныйбыз, барганда жакшы кабыл алышат. Эң башкысы сыртка чыкканда дүйнө тааным кеңеет.

— Машыгууга барганда дагы аталган уюм каржылайбы?

— Келишим боюнча андай эмес. Беттеш өткөргөндөн кийин тиешелүү гонорар берилет. Аны менеджер, машыктыруучу менен да бөлүшөбүз. Чет жердеги машыгууларым демөөрчүлөрдүн жардамы менен ишке ашып жатат. Негизи UFC мушкерлери деле гонорардан эмес, жарнамадан көбүрөөк пайда табышат. Ал жакта беттештин түз алып берүүсү сатылат. Бизде азыр мындайлар өнүгө элек.

— Негизи спорттук карьераңыз грэпплинг менен башталса керек?

Кыргызстанский боец ММА в тяжелом весе Тилек Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
ММА мушкери Жээнбеков: атаандаш таппай кыйналып келем
— Бул спорттун жашоомдо чоң орду бар. Кичинекей кезимен эле аралаш мушташка жакын болчумун. Эмнегедир универсалдуу нерселер жакчу. Грэпплинг мени ар тараптуулугу менен багындырды. Көтөрүп чапсаң, кайрысаң, толгосоң болот, айтор абдан кооз көрүнөт. Бул спорт менен баштан-аяк FICHER.KG клубунда машыктым. Грэпплинг боюнча КРдин беш жолку чемпионумун, 2013-жылы Москвада Uni Fight версиясы боюнча дүйнө чемпиону болдум. 2014-жылы Кореянын Сеул шаарында өткөн ADCC версиясы боюнча Азия чемпионатында коло медаль тагындым. 2015-жылы 100 килограмм салмак чениндеги мушкер менен чыгып, КРдин абсолюттук чемпиону болдум. Ошол эле жылы ММА спортуна өтүп, андан бери грэпплинг боюнча беттештерге чыга элекмин. Мен эрежесиз урушка өткөн жылы Кыргызстанда мушкерлердин рейтингин аныктаган Sherdog порталы тууралуу түшүнүк жаңыдан кирип жаткан болчу. Бул спорттун түрүнөн деле өзүмдү таптым. 2016-жылы Sports Awards версиясы боюнча "Жылдын мыкты спортчусу" наамына ээ болдум. Буга бир жыл ичинде алты беттешти жеңиш менен камсыздаганым себеп болду.

© Facebook/ M-1 Global - официальная страницаБусурманкул Абдубаит уулу: 2016-жылы Sports Awards версиясы боюнча "Жылдын мыкты спортчусу" наамына ээ болдум. Буга бир жыл ичинде алты беттешти жеңиш менен камсыздаганым себеп болду
Международный турнир M1-Challenge 86 в России - Sputnik Кыргызстан
Бусурманкул Абдубаит уулу: 2016-жылы Sports Awards версиясы боюнча "Жылдын мыкты спортчусу" наамына ээ болдум. Буга бир жыл ичинде алты беттешти жеңиш менен камсыздаганым себеп болду

— Спорттон тышкары эмне менен алектенесиз?

— Чынын айтсам, 3-4 жылдан бери эч жакта иштебейм. Ушул спорт менен эле алпурушуп жүрөм. Эл аралык башкаруу, укук, каржы жана бизнес академиясынын юридикалык бөлүмүн аяктагам.

— Спортчулар машыгуу менен жүрүп үй-бүлө, урук-тууган, жеке жашоо дегенди унутуп калабыз деп айтышат. Сизде бул жагы кандай?

— Кыргыздар тууганчыл келебиз да. Мен бардыгына убакыт бөлгөнгө аракет кылам. Чалууларга, билдирүүлөргө жооп бере албай калсам да, жан дүйнөм менен жылуу кабыл алам.

— Жеке жашооңузга убакыт жетип атабы?

— Кечке телефон кармаганга деле убакыт таап жатпайбызбы. Беттешке бир-эки ай калганда эле убакыт тар болот. Мындай учурда кадимкидей эле жүрөбүз. Күндө болбосо да, дем алышта тоого чыгып, бир жакка отуруп, достор менен чай ичип келебиз.

— Сизди тарбиялаган ата-энеңиз тууралуу да айтып берсеңиз?

— Үй-бүлөбүз чоң. Ата-энем, чоң апам, чоң атам бар. Алар Чоң-Алайда турушат. Сегиз бир туугандын алтынчысымын. Балдардын кичүүсү мен. Эжем менен карындашым бар.

© Фото / Сейтек ТолтоевБусурманкул Абдубаит уулу: Үй-бүлөбүз чоң. Ата-энем, чоң апам, чоң атам бар. Алар Чоң-Алайда турушат. Сегиз бир туугандын алтынчысымын. Балдардын кичүүсү мен. Эжем менен карындашым бар
Боец смешанных единоборств Бусурманкул Абдубаитов с матерью - Sputnik Кыргызстан
Бусурманкул Абдубаит уулу: Үй-бүлөбүз чоң. Ата-энем, чоң апам, чоң атам бар. Алар Чоң-Алайда турушат. Сегиз бир туугандын алтынчысымын. Балдардын кичүүсү мен. Эжем менен карындашым бар

— Сиздин спорттогу кадамдарыңызды колдошобу?

— ММАге өтүп жатканда кабатыр болушкан. Кайсы эле ата-эне баласынын жаракат алышын кааласын. Акыры эрежесиз урушка берилгенимди түшүнүштү окшойт, көп деле каршылык көрсөтүшкөн жок. Азыр колдошот.

— Беттештериңизди көргөнү келип турушабы?

Спортчу Барчынай Узгенбаева - Sputnik Кыргызстан
Мушкер Барчынай: кыздар менен чабышканды спортко келгенде токтоттум
— Былтыр чоң атам айылдан бер WEF Clobal турниринде чемпиондук кур чыгып жатканда келген. Бирок спорт сарайына келип көрбөй эле, үйдө күтүп отурган. Себеби андай кишилерге беттешти ачык көрсөткөнгө болбойт. Атаандаш менен тирешип жатканда ар кандай болуп кетиши мүмкүн. Көп учурда астыда калып кеткен жаман. Ошондуктан батасын эле алганым болбосо, сарсанаа кылгым келген эмес. Анан чемпиондук курду жеңгенден кийин чалып өзүм сүйүнчүлөгөм.

— Анын үстүнө эрежесиз уруш десе эле көбү канга боелгон мушкерлерди элестете берет?

— Туура, биз ММАди аралаш мушташ деп кабыл алышыбыз керек. Бул беттеш учурунда универсалдуу бол деген сөз. Эрежесиз уруштун деле эрежелери бар. Жаракатты бир гана спорттон албайсың. Беттешке канча чыкса деле бир да жолу жаракат албаган мушкерлер бар. Бул көбүнчө тажрыйбалуу спортчуларга тиешелүү.

© Sputnik / Табылды КадырбековБусурманкул Абдубаит уулу: Бош убактымда ыр жазам, обон созом, мындайча айтканда чыгармачыл адаммын. Аккардеондун коштоосунда ырдаганды жакшы көрөм. Жашоонун бардык багытын көрө билүү керек деп ойлойм
Боец смешанных единоборств Бусурманкул Абдубаитов - Sputnik Кыргызстан
Бусурманкул Абдубаит уулу: Бош убактымда ыр жазам, обон созом, мындайча айтканда чыгармачыл адаммын. Аккардеондун коштоосунда ырдаганды жакшы көрөм. Жашоонун бардык багытын көрө билүү керек деп ойлойм

— Спорттон башка сиз сүйүп алектенген нерсе барбы?

— Бош убактымда ыр жазам, обон созом, мындайча айтканда чыгармачыл адаммын. Аккардеондун коштоосунда ырдаганды жакшы көрөм. Жашоонун бардык багытын көрө билүү керек деп ойлойм. Негизи бардык жерде ошол чөйрөгө ылайык жүрүү керек. Маселен, ырдачу жерден ырдап, бийлечү жерден кыймылдап коюш керек.

— ММА дүйнөдө эле эмес, Кыргызстанда дагы белгилүү спорттун түрүнө айланып баратат. Дал ушул спортко көңүлүн коюп, мушкер болом деген жаш спортчуларга кандай кеңеш бересиз?

— Биринчи кезекте ыплас жолдон, жаман сапаттан алыс болуш керек. Андан кийин спортту тандаган соң машыгууларды калтырбай, ынтызар мамиле кылуу зарыл. Сөзсүз түрдө спорт менен профессионалдуу мушкер болом дебей, ден соолук үчүн дагы алектениш керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0