WEF Amateurs: 42 спортчу кулатуу боюнча спорт чебери аталды

© Sputnik / Табылды КадырбековВо Дворце спорта имени Кожомкула прошел международный чемпионат по кулатуу WEF2
Во Дворце спорта имени Кожомкула прошел международный чемпионат по кулатуу WEF2 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Беттеш 16-17-декабрь күндөрү борбордогу спорт комплекстердин биринде болгон

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Кулатуу эр таймаш спорту боюнча КРдин WEF Amateurs ХХIV ачык чемпионаты өтүп, анда 42 спортчу кулатуу боюнча спорт чебери аталды. Бул туурасында аталган федерациянын маалымат катчысы Амантур Өмүров билдирди.

Маалыматка ылайык, турнирге 407 спортчу катышып, төрт категорияда балдар, жаштар, кадеттер жана чоңдор арасында таймаш өттү.

Спортчулардын жаш курагы 8 жаштан башталып, 17 жаштан өйдө болду. Жыйынтыгында 42 спортчу чемпион аталса, экинчи орунду дагы 42, үчүнчүнү 84 бала камсыздаган.

Чоңдор арасында чемпион аталгандар спорт чебери наамын алса, экинчи орунду камсыздагандар спорт чеберине талапкер болушту.

WEF Amateurs ХХIV ачык чемпионатына Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын спортчулары катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0