Мамагенттик: эки спорттук зал бокс ринги менен камсыздалды

© Sputnik / Табылды КадырбековМеждународный турнир по боксу в Бишкеке
Международный турнир по боксу в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күн мурун мамагенттиктин жетекчиси Канат Аманкулов иш сапары менен Чүй облусуна барган

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Чүй облусундагы эки спорттук мектепке олимпиадалык стандарттагы бокс рингине сертификат тапшырылды. Бул тууралуу аталган агенттиктин маалымат кызматы кабарлады.

Премьер-министр Сапар Исаков V Азия оюндарынын катышуучуларына сыйлык тапшырды - Sputnik Кыргызстан
Премьер-министр V Азия оюндарынын катышуучуларына сыйлык тапшырды
Кечээ, 22-декабрда Жаштар иши, спорт жана дене тарбия боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Канат Аманкулов иш сапары менен Чүй облусуна барган.

Ошондой эле Аманкулов Панфилов районунун акими Дамир Кулубаев менен жолугуп, аймактагы дене тарбияны өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Ушул эле күнү Мамагенттиктин жетекчиси Москва районундагы жаштар жана балдар спорт мектебине баш багып, ал жакка дагы бокс рингинин сертификатын тапшырган.

"Бүгүн райондун жашоочулары үчүн чоң майрам. Дагы бир зал олимпиадалык стандарттагы бокс ринги менен камсыздалып жатат. Келечекте бул залда өлкөнүн гана эмес, Азиянын, дүйнөнүн чемпиондору өсүп чыгаарына ишенем", — деди Аманкулов.

Эске сала кетсек, быйыл Мамагенттик Кемин районундагы Борду айылынын спорт залына бир комплект дзюдонун татамиси, эки олимпиадалык күрөштүн килеми жана Ысык-Ата районундагы балдар жана жаштар спорт мектебин бокс ринги менен камсыздаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0