Дубайдагы турнирде Антонина Шевченко утса, Самат Эмилбеков жеңилип калды

© Фото / Roger AllenКыргызстандык тайбоксчу Антонина Шевченко. Архив
Кыргызстандык тайбоксчу Антонина Шевченко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Беттеш Бириккен Араб эмирлигиндеги Дубай шаарында өткөн

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Кыргызстандык мушкерлер эл аралык Phoenix Fighting Championship турнирине катышты. Анда Антонина Шевченко утса, Самат Эмилбеков жеңилүү ызасын тартты. Бул тууралуу аталган турнирдин Facebook баракчасында жарыяланды.

Алай каймана аты менен таанымал мушкер Бусурманкул Абдубаит уулу маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Мушкер Бусурманкул: спорттон сырткары ыр жазып, обон созом
Беттеш кечээ, 22-декабрда Бириккен Араб эмирлигиндеги Дубай шаарында өткөн.

Маалыматка ылайык, Шевченко франциялык атаандашы Валери Домергди калыстардын чечими менен уткан.

Белгилей кетсек, мушкер Самат Эмилбеков 26-ноябрда "Megdan Fight" спорттук уюмунун версиясы боюнча дүйнө чемпиону аталган.

Ал эми Антонина Шевченко буга чейин Лондондо өткөн Phoenix Fighting Championship турниринде англиялык Керри Хьюзду утуп алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0