Кореядагы турнирде Рафаэль Физиев атаандашын нокаут менен дароо жеңди

© Фото / Facebook / ROAD FCКыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев эл аралык Road FC турниринде
Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев эл аралык Road FC турниринде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Интернетти "Матрицадагы" ыкма менен дүң кылган кыргызстандык Рафаэль Физиев профессионалдык мелдеште кезектеги жеңишин камсыздады

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев эл аралык Road FC турниринде атаандашын техникалык нокаут менен айбуйга келтирбей жеңди. Бул тууралуу аталган уюмдун Facebook баракчасында жарыяланды.

Турнир бүгүн Кореянын борбору Сеулда өттү. Анда Рафаэль Физиев монголиялык атаандашы Нандин Ерденди беттештин биринчи раундуна ай-буга келтирбей утуп алган.

Кулакка тээп, сулата чапты! Рафаэль Физиевдин Кореядагы жеңиши - Sputnik Кыргызстан
Кулакка тээп, сулата чапты! Рафаэль Физиевдин Кореядагы жеңиши
Ушул жылдын февраль айында кыргызстандык спортчунун кармаш учурунда "Матрица" тасмасындагы Нео сымал соккудан боюн ала качкан ролиги социалдык тармакта аябай популярдуу болгон.

Спортто "Атаман" каймана аты менен таанымал кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев 11 жашынан тарта тай боксу секциясына келип, машыктыруучу Эмил Токтогоновдун колунан тарбиялана баштаган. Кийинчерээк КРдин Тай боксу федерациясына которулган. Тай боксунун IFMA версиясы боюнча Кыргызстандын жана Азиянын бир нече жолку чемпиону.

Дүйнөдөгү бардык спортчулардын рейтингин аныктаган Sherdog порталынын маалыматына ылайык ММA боюнча профессионалдуу 5 беттештин жеңүүчүсү.

Жаңылыктар түрмөгү
0