Футбол боюнча Испания чемпионатынын 17-турунда Барселона клубу мадриддик Реал командасын жеңип алды

"Барселонанын" оюнчулары "Реалды" эсепти ачканга үлгүртпөй утуп алды

1161
(жаңыланган 15:44 24.12.2017)
Эки клубдун футболчулары бүгүн Мадрид шаарында беттешкен

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Футбол боюнча Испания чемпионатынын 17-турунда "Барселона" клубу мадриддик "Реал" командасын жеңип алды. Бул туурасында R-Sport агенттиги билдирди.

  • Эсеп оюндун 54-мүнөтүндө ачылып, алгачкы топту каршылашынын дарбазасына Барселона комадасынын оюнчусу Луис Суарес киргизди
    Эсеп оюндун 54-мүнөтүндө ачылып, алгачкы топту каршылашынын дарбазасына "Барселона" комадасынын оюнчусу Луис Суарес киргизди
    © REUTERS / SERGIO PEREZ
  • Андан беш мүнөт өтүп Реалдын коргоочусу Дани Карвахаль оюндан четтетилип калды. Андан соң Лионель Месси пенальти тебүүдө экинчи голду камсыздады
    Андан беш мүнөт өтүп "Реалдын" коргоочусу Дани Карвахаль оюндан четтетилип калды. Андан соң Лионель Месси пенальти тебүүдө экинчи голду камсыздады
    © REUTERS / SERGIO PEREZ
  • Ал эми 3-топту Алеш Видаль киргизип, өз командасына жеңиш алып келди.
    Ал эми 3-топту Алеш Видаль киргизип, өз командасына жеңиш алып келди.
    © REUTERS / SERGIO PEREZ
1 / 3
© REUTERS / SERGIO PEREZ
Эсеп оюндун 54-мүнөтүндө ачылып, алгачкы топту каршылашынын дарбазасына "Барселона" комадасынын оюнчусу Луис Суарес киргизди

Эки клубдун футболчулары бүгүн Мадрид шаарында беттешип, оюн 3.0 эсеби менен жыйынтыкталды.

Эсеп оюндун 54-мүнөтүндө ачылып, алгачкы топту каршылашынын дарбазасына "Барселона" комадасынын оюнчусу Луис Суарес киргизди.

Андан беш мүнөт өтүп "Реалдын" коргоочусу Дани Карвахаль оюндан четтетилип калды. Андан соң Лионель Месси пенальти тебүүдө экинчи голду камсыздады. Ал эми 3-топту Алеш Видаль киргизип, өз командасына жеңиш алып келди.

1161
Белгилер:
футбол, Реал Мадрид ФК, Барселона ФК, Испания
Тема боюнча
Футбол боюнча КР курамасы Индонезияда өткөн эл аралык турнирде жеңишке жетти
Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттагы командалардын каршылаштары. Тизме
Жаңы зеландиялык трансгендер оор отлетчи Лаурель Хаббард. Архив

Эркек киши Олимпиадада аялдар менен күч сынашат

77
(жаңыланган 10:02 07.05.2021)
Лаурель Хаббард 12 жыл мурда операция жасатып, жынысын алмаштырган. Ага чейин ал Гэвин деген ысым менен жашап, өз өлкөсүндө эркектер арасында алдыңкы оор атлетчи болгон.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Жаңы зеландиялык оор отлетчи Лаурель Хаббард тарыхта Олимпиада оюндарына катышкан алгачкы трансгендер болуп калганы турат. Бул тууралуу The Guardian жазды.

43 жаштагы спортчу азырынча Жаңы Зеландиянын оор отлетика боюнча кыз-келиндер курама командасына расмий түрдө кабыл алына элек. Бирок Эл аралык олимпиада комитетинин жаңы эрежелерине ылайык, ал аялдар менен күч сынашып калышы толук мүмкүн.

Лаурель Хаббард  12 жыл мурда операция жасатып, жынысын алмаштырган. Ага чейин ал Гэвин деген ысым менен жашап, өз өлкөсүндө эркектер арасында алдыңкы оор атлетчи болгон.

Коомдук уюмдар анын аялдар арасында күч сынашына каршы болуп келет. Анткени спортчу расмий түрдө аял болгону менен факт жүзүндө дене түзүлүшү жана күчү эркектикиндей деп эсептешет.

Ал буга чейин Самоада өткөн кыз-келиндер мелдешине катышып, эки алтын, бир күмүш утуп алган.

77
Белгилер:
аял, оор атлетика, эреже, олимпиада, трансгендер, эркек
Тема боюнча
Модель болгусу келген кечил бала жынысын алмаштырып, подиумга чыкты
UFCинин эки категория боюнча чемпиону Аманда Нуньес. Архив

UFC Нуньес чемпион болуп турган дивизионду жабат

117
(жаңыланган 11:02 06.05.2021)
Спорттук уюм 65 килограмм салмакта атаандаштык жараткан кыз-келиндер жоктугунан дивизионду жаап салууну карап жатат. Нуньес ушул категорияда жана 61 килограмм салмакта чемпион.

БИШКЕК, 6-май. — Sputnik. UFC президенти Дана Уайт кыз-келиндер арасындагы жарым жеңил салмак дивизионун жабууну чечти. Бул тууралуу Fight Sports TV каналына промоушендин эки категория боюнча чемпиону Аманда Нуньес билдирди.

"Дана бул категорияны жабууну чечти. Мен ал жакта чемпион болгондуктан жабылбай эле турса экен дейм", — деди ал.

Нуньес жарым жеңил салмакта атаандаштык жараткан спортчулар аз экенин белгиледи.

"Бул категорияда таланттуу спортчуларды табуу кыйын болууда. Крис Сайборг (Bellator уюмунун чемпиону) менен беттешкен кыздарга деле бир нерсе жетишпегендей. Мен аларды жамандаган жерим жок, бирок көбүрөөк иштеп, ордун табышы керек", — деди бразилиялык спортчу.

Нуньес жарым жеңил салмактагы чемпиондук наамды 2018-жылы ошол кездеги чемпион Крис Сайборгду утуп тагынган. Андан бери эки ирет коргоду. Бразилиялык спортчу 61 килограмм салмактагылар арасында да чемпион экени белгилүү. Бул категорияда кыргызстандык Валентина Шевченко менен эки ирет беттешип утуп алган.

117
Белгилер:
атаандаштык, категория, салмак, Аманда Нуньес, Дана Уайт, UFC
Тема боюнча
Лезгинка жана Кыргызстанга жолдонгон салам. Шевченконун жеңиштен кийинки видеосу
UFC: Намаюнас кытайлык Жангды сулата тээп уткан соң ыйлап жиберди. Видео
UFC: башкы беттеште Усман атаандашы Масвидалды нокаутка кетирди. Видео
Учак асманда. Архив

Түркстан Бишкек Түркстан аба каттамы ачылмай болду

0
(жаңыланган 13:01 07.05.2021)
Жүргүнчүлөрдү ташуу Казакстандын FlyArystan лоукостери аркылуу аткарылат. Учуу убактысы 1 саат 15 мүнөт.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Бишкектен Түркстанга жаңы аба каттамы ачылат. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти.

Маалыматка караганда, мындан ары Бишкектен Казакстандын Алматы жана Нур-Султан шаарларына Түркстан аркылуу учууга болот.

"2021-жылдын 31-майынан тарта Түркстан — Бишкек — Түркстан багыты боюнча жаңы туруктуу каттам ачуу пландалып жатат. Рейстер дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү жүргүзүлөт", — дешти аба майдандан.

Жүргүнчүлөрдү ташуу Казакстандын FlyArystan лоукостери аркылуу аткарылат. Учуу убактысы 1 саат 15 мүнөт.

0
Белгилер:
Түркстан, рейс, Казакстан, Бишкек
Тема боюнча
Керосин жер алдындагы түтүк менен келчү. "Манас" аэропорту кантип курулган
Ростов-на-Дону шаарынан Ошко авиакаттам ачылып, биринчи жүргүнчүлөр келди. Сүрөт