Бишкекте шахмат боюнча турнир өтөт

© AP Photo / Mark LennihanШахматчы. Архив
Шахматчы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спорттук иш-чара 29-30-декабрь күнү эртең менен саат 9:30га пландалган

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Борбор калаада Дордой кубогу үчүн шахмат боюнча турнир өтөт. Бул тууралуу Шахмат федерациясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, спорттук иш-чара 29-30-декабрь күнү эртең менен саат 9:30га пландалган.

"Турнирге шахмат боюнча эл аралык, ата мекендик мастерлер, биринчи разряддагы жана атайын чакырылган шахматисттер катыша алат. Катышуучулар "тез шахмат" жана "блиц" дисциплиналары боюнча ат салышып, аялдар жана эркектер арасында төрт медаль ойнотулат",— деп жазылат билдирүүдө.

Дордой кубогу үчүн биринчи турнир 2016-жылдын 24-25-декабрында өткөн. Анда "тез шахмат" дисциплинасы боюнча Семетей Төлөгөнтегин менен Бегимай Заирбек кызы жеңүүчү аталса, "блиц" деп аталган түрүндө Асыл Абдыжапар менен Александр Самаганов биринчини багындырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0