Кыргызстандын футбол боюнча 17 калысы эл аралык оюндарды тескөө укугуна ээ болду

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүФутбол. Чемпионат мира - 2014. Матч Россия - Южная Корея
Футбол. Чемпионат мира - 2014. Матч Россия - Южная Корея - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Төрт калыс алгачкы жолу FIFA уюмунун төш белгисин алган

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча 17 калысы Эл аралык футбол федерациясынын (FIFA) 2018-жылга карата төш белгиси менен эмблемасын алды. Бул туурасында өлкөнүн Футбол федерациясынан билдиришти.

FIFA уюмунун төш белгиси — кийинки жылга берилүүчү лицензия болуп саналат. Ал эл аралык мелдештерге калыстык кылууга укук берет. Ага Азия чемпионаты, Дүйнө чемпионаты жана Олимпиада оюндарын да кошууга болот.

Эл аралык футбол федерациясынан 2018-жылы оюнга калыстык кылууга укук алгандар:

— Тимур Файзуллин;
— Рысбек Шекербеков;
— Нургазы Чолпонбаев;
— Сергей Грищенко;
— Замир Чыныбеков;
— Артем Скопинцев;
— Элдияр Салыбаев;
— Спартак Даниленко;
— Нурдин Букуев;
— Чыңгыз Мустафаев;
— Дмитрий Машенцев;
— Бахадыр Кочкаров;
— Исмаилжан Талипжанов;
— Эрмек Келдибеков;
— Хусан Жалалдинов;
— Вероника Бернацкая;
— Рамина Цой.

Что они творят! FIFA представила десять лучших голов 2017 года - Sputnik Кыргызстан
FIFA 2017-жылдын эң мыкты голдорун көрсөттү
Булардын арасынан Жалалдинов, Келдибеков, Цой жана Бернацкая алгачкы жолу төш белги алып жатышат.

Федерациядан билдиришкендей, жогоруда аты аталган калыстар 2018-жылы Россияда өтчү футбол боюнча дүйнө чемпионатына катыша алышпайт. Бирок андан башка эл аралык деңгээлдеги оюндарга калыстык кыла алышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0