"Сосновка" посту убактылуу жабылды

© Фото / пресс-служба МЧС КР"Сосновка" пунктундагы автоунаалар. Архив
Сосновка пунктундагы автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө кырдаалдар жаралса жарандар 112 номуру аркылуу байланышка чыга алышат

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолунда тайгалактан улам тыгын жаралгандыктан "Сосновка" пункту убактылуу жабылды. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Мындай чектөө саат 16.20да киргизилген. Буга чейин Ала-Бел ашуусунда дагы тыгын жаралгандыктан бардык унаалардын түрүнө чектөө коюлган.

Тыгын жаралган аймактарда ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери иштеп жатат.

Өзгөчө кырдаалдар жаралса жарандар 112 номуру аркылуу байланышка чыга алышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0