КРдин футбол курама командасынын капитаны Байматов Индонезиянын клубуна өттү

© Sputnik / Табылды КадырбековФутбол боюнча КРдин курама командасынын капитаны Азамат Байматовдун архивдик сүрөтү
Футбол боюнча КРдин курама командасынын капитаны Азамат Байматовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыр Азамат Байматов Омандын "Сохар" клубунун атынан ойногон

БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Футбол боюнча КРдин курама командасынын капитаны Азамат Байматов индонезиялык "Борнео" клубу менен келишим түздү. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан кабарлашты.

Былтыр Байматов Омандын "Сохар" клубунун атынан ойногон.

"Улуттук курама команданын капитаны Азамат Байматов 6-январда индонезиялык "Борнео" клубу менен убактылуу келишим түздү", — деп айтылат маалыматта.

Байматов "7" номери менен мөрөй талашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0