Эки унаа, алтын кур үчүн кыл чайнашкан 1000 улакчы. Ноокаттык ишкердин аламан улагы

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКөк бөрү оюнчулары. Архив
Көк бөрү оюнчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ноокатта жеке ишкер уулуна сүннөт той берип 1000ге чукул адамдын катышуусунда аламан улак өткөрдү

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Оштун Ноокат районуна караштуу Кара-Таш айылында жеке ишкер Жоомарт Акжол уулу миңге чукул улакчынын катышуусунда аламан улак өткөрдү. Мелдеште соорунга (байгеге) 40 кой, 25 тай, 10 төө, эки унаа жана көк бөрүнүн алтын куру коюлган. Бул маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине той ээси өзү тастыктап берди.

43 жаштагы жеке ишкер 6-7-январь күндөрү туулуп өскөн жерине барып баласына сүннөт той өткөргөнүн айтты.

"Бир уул, үч кызым бар. Ошол уулумдун сүннөт тоюн туулган жериме барып өткөрүп элден бата алайын дедим. Баш байгеге улакчылардын чемпиондук титулу катары болсун деп алтын кур жасаттык. Өзүм учурда жеке ишкерлик менен алектенем. Бишкекте бир нече фабрикам бар. Кийим-кечелерди тиктирип Россияга жөнөтүп иштейм", — деди Акжол уулу.

Ал эми мелдештин калысы Абдикалим Кармышаковдун айтымында, баш байгеге коюлган алтын курга 32 жаштагы Кара-Таш айлынын балбаны Дурус Тургунбаев ээ болгон. Ал эми Volkswagen Golf II унаасын ушул эле айылдык 60 жаштагы Абдилазиз балбан аттуу улакчы алса, экинчи Daewoo Nubira II машинасын анын кичүү уулу Нурсеит Жапаров утуп алган.

"Аламан улакта 1000ге чукул улакчы күч сынашты. Кыргызстандын аймактарынан сырткары Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан жана Кытайдан да коноктор келишти. Оюн эки күнгө уланып, алыс жактан келгендер 33 үйгө конок болушту", — деди Кармышаков.

Кыргызстандагы тажрыйбалуу спорт журналисттеринин бири, көк бөрү оюндары боюнча комментатор Табылды Асыгалиев аламан улактын эрежелерин төмөндөгүчө түшүндүрдү:

Финальные соревнования по кок-бору к празднованию Нооруза на ипподроме в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Сүйүнчү! Көк бөрү ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизилди
Аламан улак — эзелетен келе жаткан улуттук оюндардын бири. Анда улак жана торпок тартылат. Мелдештин бирдиктүү эрежелери каралган эмес. Ортого ташталган улакты жерден эңип, топту жиреп чыгып, белгиленген жерге алып барып таштаган оюнчуга байге берилет. Алдын ала оюндун калысы эмне байгеге кайсы убакта кайсы жерге таштоо керектигин айтат. Айрым учурда улакты бирөөгө ашырып берип да соорун алышат. Мисалы алыстан келген конокторго улак тийсин деп ага ашырып берүү үчүн соорун коюлат.

© Фото / Мырза ДобутовОштун Ноокат районуна караштуу Кара-Таш айылында жеке ишкер Жоомарт Акжол уулу миңге чукул улакчынын катышуусунда аламан улак өткөрдү
Оштун Ноокат районуна караштуу Кара-Таш айылында жеке ишкер Жоомарт Акжол уулу миңге чукул улакчынын катышуусунда аламан улак өткөрдү - Sputnik Кыргызстан
1/2
Оштун Ноокат районуна караштуу Кара-Таш айылында жеке ишкер Жоомарт Акжол уулу миңге чукул улакчынын катышуусунда аламан улак өткөрдү
© Фото / Мырза ДобутовМелдеште соорунга (байгеге) 40 кой, 25 тай, 10 төө, эки унаа жана көк бөрүнүн алтын куру коюлган.
Мелдеште соорунга (байгеге) 40 кой, 25 тай, 10 төө, эки унаа жана көк бөрүнүн алтын куру коюлган. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Мелдеште соорунга (байгеге) 40 кой, 25 тай, 10 төө, эки унаа жана көк бөрүнүн алтын куру коюлган.
1/2
Оштун Ноокат районуна караштуу Кара-Таш айылында жеке ишкер Жоомарт Акжол уулу миңге чукул улакчынын катышуусунда аламан улак өткөрдү
2/2
Мелдеште соорунга (байгеге) 40 кой, 25 тай, 10 төө, эки унаа жана көк бөрүнүн алтын куру коюлган.

Эл эгин жыйнап, малын короого киргизгенден кийин кыш мезгилинде улак тартып ойногон. Айылдагы тойлор улак тартыш менен коштолуп келген. Балалуу болгондо, сүннөткө отургузганда ойнолгон. Учурда аламан улак Кыргызстандын түштүк регионунда көп ойнолуп келет. Айыл-айыл болуп шерине сыяктуу бири-бирине өткөрүп да ойноп жатканы белгилүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0