Олимпиаданын ачылышында эки Кореянын спортчулары бир желектин алдында чыкмай болду

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүФлаг Республики Корея
Флаг Республики Корея - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көгүлтүр түс менен Корея жарым аралынын сүрөтү тартылган ак желектин алдында чогуу баскан эки өлкөнүн спортчулары улуттун биригүүгө болгон умтулуусун көрсөтөт

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Түндүк Корея менен Түштүк Кореянын спорттук командалары Пхёнчхан шаарында өтө турган Олимпиаданын ачылыш аземинде бир туунун алдында чыгышат. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды. 

Samsung Galaxy Note 8 телефонунун презентациясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Samsung Олимпиадага катышкан ар бир спортчуга Note 8 смартфонун белек кылат
Мындай чечимге эки өлкөнүн өкүлдөрү чек аранын демилитацияланган аймагындагы сүйлөшүүлөрдөн улам келишти.

Көгүлтүр түс менен Корея жарым аралынын сүрөтү тартылган ак желектин алдында чогуу баскан эки өлкөнүн спортчулары улуттун биригүүгө болгон умтулуусун көрсөтөт.

Маалыматта айтылгандай, Олимпиадага катыша турган кыз-келиндердин хоккей командасы эки Кореянын спортчуларынан куралат. Алар машыгууларын Түндүк Кореянын Масикрён лыжа базасында өткөрүшмөкчү.

Дүйнөлүк иш-чарага Түндүк Кореядан 150 спортчу келет. Булардан тышкары, 230 күйөрман жана журналисттер барат. Ошондой эле ачылыш аземинде түндүк кореялык тхэквондочулар өз өнөрлөрүн көрсөтмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0