Россиялык Нурмагомедов менен Фергюсондун качан беттешери айтылды

© AP Photo / John LocherБой между Тони Фергюсоном и Хабибом Нурмагомедовым
Бой между Тони Фергюсоном и Хабибом Нурмагомедовым - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки мушкер үстүбүздөгү жылдын апрель айында кармашат

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. UFC уюмунун президенти Дэйна Уайт россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов менен америкалык Тони Фергюсондун ортосунда титулдук беттеш өткөрүлөрүн билдирди. Бул тууралуу MMA Junkie спорттук порталы жазып чыкты.

Чемпионат UFC Ultimate Fighting в Сан-Паулу - Sputnik Кыргызстан
UFC жылдызы Хабиб Нурмагомедов Бишкекке келет
Эки мушкердин кармашы UFC 223 турниринин алкагында 7-апрелде Бруклинде (АКШ) өтөт. Бул кармаш жеңил салмактагы (70,5 килограммга чейин) чемпиондук титул үчүн өткөрүлөбү же жокпу UFC башчысы тактаган эмес. Эгер беттеш чемпиондук титул үчүн өтө турган болсо курдун учурдагы ээси Конор Макрегор титулунан ажырайт.

Буга чейин UFC башчысы ирландиялык жеңил салмактагы мушкер Конор Макгрегор өзүнүн чемпиондук титулун алгандан бери аны коргой электигине байланыштуу куру алынышы мүмкүн экенин айткан. 

Нурмагомедов октагондо Фергюсон менен 2017-жылдын 5-мартында эле күч сынашы шыкерек эле. Бирок россиялык мушкер салмак куугандыктан ден соолугу начарлап кетип, турнир өтпөй калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0