"Ушу сен спортчусуңбу?" дешет. Дүйнө чемпиону Авазбек Аманбеков менен маек

© Sputnik / Табылды КадырбековБелгилүү мушкер, кикбокс боюнча дүйнө чемпиону (Түркия, 2013-жыл), Азия чемпиону (2017-жыл), КРдин бир нече жолку чемпиону Авазбек Аманбеков
Белгилүү мушкер, кикбокс боюнча дүйнө чемпиону (Түркия, 2013-жыл), Азия чемпиону (2017-жыл), КРдин бир нече жолку чемпиону Авазбек Аманбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рингге чыкканда атаандашымдын алсыз экенин сезсем, упай менен эле утуп алгым келет. Ооба, көптөр нокаутка кетирсе дейт. Бирок кээде атаандаштарымды аяп коем...

Бүгүнкү каарман — 27 жаштагы белгилүү мушкер Авазбек Аманбеков. Ал кикбокс боюнча дүйнө чемпиону (Түркия, 2013-жыл), Азия чемпиону (2017-жыл), КРдин бир нече жолку чемпиону.

Былтыр төрт жылда бир өтө турчу Азия оюндарында кикбокс боюнча алтын медаль тагынган. Аталган спорттун түрү боюнча КРдин жана ушу-саньда боюнча эл аралык класстагы спорт чебери.

Дүйнө чемпиону Авазбек Аманбеков спорттогу жетишкендиктери, үй-бүлөсү тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине маек курду.

© Sputnik / Жоомарт УраимовКикбокс боюнча дүйнө чемпиону Авазбек Аманбеков: мушкер агаларымдын жараткан ийгилигине таасирленип кикбоксту тандап кеттим
Многократный чемпион Кыргызстана по кикбоксингу Авазбек Аманбеков - Sputnik Кыргызстан
Кикбокс боюнча дүйнө чемпиону Авазбек Аманбеков: мушкер агаларымдын жараткан ийгилигине таасирленип кикбоксту тандап кеттим

— 1995-жылы Александр Воинов "Гермес-Профи" клубун негиздегенден тарта кыргыз спортунда кикбокс топ жарган. Ошондо атагы таш жарган мушкерлер Али Парсуков, Шабдан Шадманов, Малик Борбашев, Анвар Ибраев, Жанбулат Амантаев, Мирбек Сүйүнбаев, Руслан Абасов, Иса Мамбетов, орто муундагы Ален Офойо, Кумар Жалиев, Алексей Федосеев жана башкалар чыкты. Бирок андан бери кандайдыр бир тунжуроо болду…Эми минтип силер Азия биринчилигин, дүйнө чемпиондугун багындырып кикбокстун келечегине шам берип жаткандайсыңар.

— Мен таэквандо менен 17 жашыма чейин машыгып, КРдин бир нече жолку чемпиону аталдым. Анан мушкер агаларымдын жараткан ийгилигине таасирленип кикбоксту тандап кеттим. 2008-жыл эле, бокс анда "өчүп" баратыптыр. Бирок мен жаш болгондуктан азырынча мага ийгилик жаратууга эрте болсо керек деп ойлогом. 2011-жылы дүйнө кубогуна барып экинчи орунду алганда биздин команда алсыз экендигин түшүндүм.

Акыркы жолу 2003-жылы кикбоксчу Мирбек Сүйүнбаев дүйнө чемпиону аталгандан бери туура он жыл спорттун бул түрүндө тыным болуптур. Анан мен 2013-жылы Түркияда өткөн дүйнө биринчилигин жеңип алдым. 2015-жылы Улан Касымбеков дагы дүйнө чемпиону аталды. Ошондо "кайрадан кикбокс жандана баштады" деп айтып калышты. Азыр кудайга шүгүр, балдарыбыз эл аралык мелдештерде, Азия чемпионатында, дүйнө биринчилигинде алдыңкы орундарды алууда. Мурдагыдай кикбокстун "алтын дооруна" жетпесек дагы, жыйынтыктар жаман эмес.

— Спортту аркалоодо кандай кыйынчылыктарга туш болдуңуз?

Этнический кыргыз Мамбеттокто Керимаалы уулу - Sputnik Кыргызстан
Кытайдын ММА чемпиону Мамбеттокто: октагонго "кыргыз" деп чакыргыла дейм
— 18 жаштан тарта спортчулар чоңдор арасында күч сынаша баштайт. Ошондо көп жолу салмак түшүрүү маселеси менен алыштым. Жашың өскөн сайын бир формада болуу кыйын экен. Эсимде, 2011-жылы биринчи жолу чет өлкөдөгү мелдешке барганда салмагым 54 килограммга туура келбей, эки куртканы каттап кийип алып скакалка менен секирдим. Тер менен күйүп жок болсо керек деп, таразага түшсөм бир да грамм өзгөрүү болбоптур. Уюштуруучулар аяды окшойт, атаандашымдан 150 грамм оор болсом да күч сынашууга уруксат беришти. Эми ойлосом мурда салмак түшүрүүнүн жол-жобосун билбей эле кыйнала берчү экенмин. Акыркы жылдары 57 килограмм салмак ченинде рингге чыгам.

© Фото / из личного архива Авазбека АманбековаАманбеков төрт бир туугандын үчүнчүсү. Эжеси, агасы жана карындашы бар
Многократный чемпион Кыргызстана по кикбоксингу Авазбек Аманбеков - Sputnik Кыргызстан
Аманбеков төрт бир туугандын үчүнчүсү. Эжеси, агасы жана карындашы бар

Кикбокс олимпиадалык эмес спорттун түрүнө кирет. Мамлекет негизи олимпиадалык спорттун түрүнө көбүрөөк көңүл бурат. Ошондуктан көп учурда чет элдеги мелдештердин чыгымын өзүбүз каржылайбыз. 2011-жылы дүйнө кубогуна барганда ата-энем акыркы жылкысын сатып туруп жиберген. Тилекке каршы, ал жакка барганда утулуп калдым. Күйүтүмдөн чөгүп кетип, 2-3 ай машыгуумду таштап салгам. Бирок спорт кайра эле өзүнө арбап алды.

Билесизби, ушунча жыл спортто жүрүп биздин спортчулардын өжөрлүгүнө баа бердим. Биздикилер каражат жок болсо да, издештирип, жол таап, барам деген жерине барып келишет.

— Утулганда чөгүп, утканда көтөрүлүп кеткен учурлар болобу?

Рингден жолугабыз! Дүйнөнү муштуму менен дүңгүрөтүп жаткан боксчулар ким? - Sputnik Кыргызстан
Рингден жолугабыз! Дүйнөнү муштуму менен дүңгүрөтүп жаткан боксчулар ким?
— Бийлик, байлык, мансап адамды бат өзгөртөт деп угам. 2013-жылы дүйнө чемпиону болгондо досторум "эми жылдыз оорусуна чалдыгып калба" деп тамашалашкан. Бишкекке келгенде бир тууган эжем куттук айтып коеюн деп телефон чалса албай калыпмын, экинчи жолу да байланышканда албай коюпмун. Анан үчүнчү жолу сүйлөшкөндө "дүйнө чемпиону болсоң эле жооп бербей каласыңбы" деди. Чындыгында андай эмес болчу. Ошондон кийин адамдар ийгиликке жеткенден кийин аларды сын көз караш менен карап калышарын түшүнүп, абайлап калдым. Адамдардагы баалаган сапатым жөнөкөйлүк, өзүм да жөнөкөй болгонго аракет кылам.

Жеңилип калган учурдагы сезимдер боюнча айтсам, оор сыноонун аркасында сөзсүз жакшы нерсе күтүп турат дейт. Утулганда кайгырбай кое албайсың. Бирок алдыда чоң максатың болсо, кандай гана кыйынчылыкка дуушар болбо, жолуңду уланта берет экенсиң.

© Sputnik / Жоомарт УраимовДүйнөнүн бир нече жолку чемпиону: адамдар ийгиликке жеткенден кийин аларды сын көз караш менен карап калышарын түшүнүп, абайлап калдым
Многократный чемпион Кыргызстана по кикбоксингу Авазбек Аманбеков - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону: адамдар ийгиликке жеткенден кийин аларды сын көз караш менен карап калышарын түшүнүп, абайлап калдым

— Биз эркектерди күчтүү деп айтабыз. Бирок утулганда силер деле көзгө жаш алсаңар керек?

— Көп эле болот. Эсте калганы 2015-жылы Индонезияда өткөн ушу-саньда боюнча дүйнө чемпионатына катышып жарым финалда уткам, бирок жеңилдиң деп атаандашымдын колун көтөрүп коюшту. Жергиликтүү спортчу менен чыккандыктан калыстардын тартып койгону көрүнүп эле турду. Арызданайын десем, биздин команданы мелдештен алып салышы мүмкүн эле. Ошондо ызам ичиме батпай ыйладым. Үйгө келгенде да ыйлап жүрдүм. Эстеген сайын көзүм жалтырайт десеңиз. Кичинекей баланын оюнчугун тартып алсаң ыйлай берет го, мен да ошондой болдум. Кайгымдан чөгүп да кеттим.

Анан жеңишке жеткенде да көзүмө жаш тегеренет. Бул өзгөчө сезим! 2013-жылы дүйнө чемпиону аталып гимн жаңырганда кубанычым коюнума батпай ыйлагам. Былтыр төрт жылда бир боло турчу Азия оюндарында алтын медаль тагынганда дагы толкунданып атсам, гимн аяктап калды. Андан мурда ичимден гимн батыраак бүтсө экен деп жаткам (күлүп).

— Сиз жеңил салмактагылар арасында күч сынкашкандыктан, көбү сыртыңыздан спортчу экениңизди биле бербесе керек?

Тайбокс жана жекеме-жеке таймаш боюнча көп жолку дүйнө чемпиону Антонина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
7 жылдан кийин Кыргызстанга келген Шевченко: "Ош" базардагы түртүшмөйдү да сагындым
— Спортчу десе көбү булчуңдары чыккан, кулагы сынган мушкерлерди элестетет экен. "Ушул сен спортчусуңбу, мушташканды билесиңби" деп көп сурашат. Жакында эле интернет тармагында "Чала спортик" каймана аты менен таанымал актер Эмил Эсеналиев экөөбүз бир роликке чогуу тартылып калдык. Көз караштар таймашын жасап атып "сен эмес эле, мен "чала спортик" болуп калдым го" деп тамашаладым.

Спортчу экениңди сөзсүз түрдө көчөдөн же спорттон тышкары бирөө менен мушташып көрсөтүүнүн кажети жок. Башкысы — мээнет кылып, жыйынтык көрсөтүү. Негизи эле мушташ бар жерден качам. Жаракат алдың дегиче, кийинки мелдештерден куру каласың.

© Фото / из личного архива Авазбека АманбековаАманбеков: кесибим менен деле иштеген жокмун. Учурда Улуттук Гвардиянын лейтенанты катары кызмат өтөйм
Многократный чемпион Кыргызстана по кикбоксингу Авазбек Аманбеков - Sputnik Кыргызстан
Аманбеков: кесибим менен деле иштеген жокмун. Учурда Улуттук Гвардиянын лейтенанты катары кызмат өтөйм

— Алган жаракаттарыңыз көппү?

— Эки жолу колум сынган. Бир жолу КРдин чемпионаты болгондо колум менен кулап түшкөм. Спортчуларды караган дарыгер ооруканага барып рентгенге тартылып келишимди айтты. Барсам гипс салып коюшмак да. Алдыда финал бар болчу. Эптеп ооруну сездирбей турган дарыларды колдонуп, эртеси беттешти утуп алдым. Анан медалымды көтөрүп алып ооруканага барсам, колум чын эле сынып кетиптир.

Негизи кикбокс спортунда кол-бут, бет, баш жабыр тартат, айрым учурда каш жарылып кетет. Кудай сактасын, менде олуттуу деле жаракат жок.

© Фото / из личного архива Авазбека АманбековаАта-энем, туугандарым спорттогу кадамдарымды колдойт. Өзгөчө апам мелдештерге даярданып жатканда мүнөздөп тамак жасап берет
Родители многократного чемпиона Кыргызстана по кикбоксингу Авазбека Аманбекова - Sputnik Кыргызстан
Ата-энем, туугандарым спорттогу кадамдарымды колдойт. Өзгөчө апам мелдештерге даярданып жатканда мүнөздөп тамак жасап берет
— Рингде кандай ыкма менен атаандашты алсыратасыз?

— Мен ойноп, техникага салып иштегенди жакшы көрөм. Рингге чыкканда атаандашымдын алсыз экенин сезсем, упай менен эле утуп алсам дейм. Ооба, көбү таамай сокку менен нокаутка кетирсе дейт. Бирок кээде атаандаштарымды аяп коем. Айрым мушкерлер чыга калып эле "сындырып" койсом дешет. Мага атаандашымдан бир кадам алдыда болсом эле жетиштүү. Анан аны менен үч раунд иштеп коюш керек. Эгер катуу жаракат алса кийин беттештерге чыкпай калышы мүмкүн да.

— Дүйнө чемпиону болгонуңузга карабай өлкөнүн да чемпионатына катышып келесиз. Атаандаштар көппү?

Спортсменка по алышу (классический стиль) Алтынай Мамарасул кызы - Sputnik Кыргызстан
Балбан кыз Алтынай: атаандашымдын акырегин сындырып коюп, ооруканага барып жүрдүм
— Кыргызстанда кикбокс боюнча ири мелдештер чанда өтөт. Тажрыйба катары чыгып турам. Менин салмагымдагы Азия чемпиондору, дүйнө биринчилигинде алдыңкы орунду багындырган мушкерлер көп. Көп жылдан бери ордумду бербей келем, баары эле "Авазды утсак" дейт. Атаандаштык бар жерде өсүш бар деп ойлойм.

Улан Касымбеков эки жыл мурда 54 килограмм салмакта дүйнө чемпиону болгон. Ал да салмагын үч килограммга толуктады. Ошол себептен экөөбүз беттешип калабыз. Адатта оор салмактагыларды кеченин кызыктуу бөлүгү дешет эмеспи. КРдин чемпионаты болгондо "эки дүйнө чемпиону кармашат" деп бизди аябай күтүшөт.

— Негизи боксчулар эрежесиз урушта мыкты беттеш көрсөтөт эмеспи. Келечекте ММАге өтөйүн деген оюңуз барбы?

— Көрүүчүлөр айыгышкан беттешти көргүлөрү келет. Октагонго чыга калып чаап салса, уруп салса дешет. Күрөшсө элге кызыксыз болуп кетет экен. ММА абдан кызуу кандуу спорт. Мушкерлердин алган жаракаттарын көрүп, ушундан көрө чыкпай эле койбойбу деп ичимен кейип калам. Ал гана эмес, кикбокс боюнча деле мелдештерде нокаутка түшкөн мушкерлерди көрсөм денем дүркүрөп кетет. Эл болсо кол чаап, кубаттап аткан болот. Атаандашты бетке урган туура эмес деп ойлойм, бирок тилекке каршы, мен ошондой спортту тандап алыптырмын.

Эрежесиз урушка кызыкпайм деле. Максатым жөн гана кыргыздын желегин көтөрүү.

© Sputnik / Жоомарт УраимовММА абдан кызуу кандуу спорт. Мушкерлердин алган жаракаттарын көрүп, ушундан көрө чыкпай эле койбойбу деп ичимен кейип калам. Ал гана эмес, кикбокс боюнча деле мелдештерде нокаутка түшкөн мушкерлерди көрсөм денем дүркүрөп кетет
Многократный чемпион Кыргызстана по кикбоксингу Авазбек Аманбеков - Sputnik Кыргызстан
ММА абдан кызуу кандуу спорт. Мушкерлердин алган жаракаттарын көрүп, ушундан көрө чыкпай эле койбойбу деп ичимен кейип калам. Ал гана эмес, кикбокс боюнча деле мелдештерде нокаутка түшкөн мушкерлерди көрсөм денем дүркүрөп кетет

— Түшүнүктүү. Спорттон тышкары эмне менен алектенесиз?

WEF, JFC жана башка спорттук мелдештерде чемпиондорго тагылган курлардын дизайнери Кубаныч Аманбеков - Sputnik Кыргызстан
Дизайнер Аманбеков: "депутаттын баласымын" деп апамдын атын колдонбойм
— Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын тергөө криминалдык бөлүмүн аяктагам. Кесибим менен деле иштеген жокмун. Учурда Улуттук гвардиянын лейтенанты катары кызмат өтөйм. Гвардияда спорт зал бар, мелдештер да уюшулуп турат. Жумуш менен спортту алып кетүү кыйын. Бирок биздин жетекчилер мага шарт түзүп берип жатат. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Улуттук гвардиянын кол башчысы, полковник Алмазбек Карасартовду, Генералдык штабдын башкармалыгына ыраазычылык билдирем.

— Сөз соңунда үй-бүлөңүз, жеке жашооңуз тууралуу айтып берсеңиз.

— Өзүм Ош облусундагы Өзгөн районунун Кызыл-Дыйкан айылында төрөлүп, төрт жашымда Бишкекке көчүп келгенбиз. Ата-энем жөнөкөй кишилер. Азыр чогуу турабыз. Төрт бир туугандын үчүнчүсүмүн. Эжем, байкем, карындашым бар. Ата-энем, туугандарым спорттогу кадамдарымды колдойт. Өзгөчө апам мелдештерге даярданып жатканда мүнөздөп тамак жасап берет. Үйдөгүлөр апамды "сен беттешке кетсең эле, бир орунга турбай, сарсанаа боло берет" деп айтышат.

Азыр бойдокмун, бирок жакын адамым бар. Кийинки жылдары үйлөнсөм деп пландап жатам.

Жаңылыктар түрмөгү
0