FIFA жаңы жылдын алгачкы рейтингин түздү. Кыргызстан канчанчы орунда

© Sputnik / Табылды КадырбековОтборочный раунд Кубка Азии по футболу — сборная Кыргызстана против Макао
Отборочный раунд Кубка Азии по футболу — сборная Кыргызстана против Макао - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айдын мыктысы деп Кувейттин курама командасы аталды

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы FIFA уюмунун жаңыланган рейтингинде 116-орунду ээледи. Жаңы жылдын эсебинен биринчи болуп түзүлгөн тизме эл аралык федерациянын расмий сайтына чыкты.

Футбол. Чемпионат мира - 2014. Матч Россия - Южная Корея - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын футбол боюнча 17 калысы эл аралык оюндарды тескөө укугуна ээ болду
Былтыркы жылды кыргызстандык команда 115-орун менен жыйынтыктаган. Эми Никарагуа менен Руанданын ортосунда жайгашып, бир сапка ылдыйлады.

Дароо 15 сапка жогорулап 174-орунду ээлеген Кувейттин курамасы айдын мыктысы аталды. Ал эми 32 сапка төмөндөп кеткен Суринаманын командасы 160-орунду ээлеп, январдын начар тобу болуп калды.

Тизменин алдыңкы он сабы мурдагыдай эле өзгөрүүсүз калды. Биринчиде Германия турса, анын артында Бразилия, Португалия, Аргентина менен Бельгия келе жатат. Мындан тышкары, ондукка Испания, Польша, Швейцария, Франция жана Чилинин командалары кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0