Бишкекте Москванын "Спартак" клубу футзал боюнча КР курамасын утуп алды

© Фото / пресс-служба ФФКРЧемпионат азии по футзалу
Чемпионат азии по футзалу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Москванын клубу Бишкекке жолдоштук беттеш үчүн келген

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Мини-футбол боюнча Москванын "Спартак" клубу жолдоштук беттеште Кыргызстандын курама командасын жеңип алды. Бул тууралуу КР футбол федерациясынан билдиришти.

Оюн ишемби күнү өтүп, москвалык команда 5:1 эсебинде алдыга чыккан. Оюнга FIFA уюмунун кыргызстандык калысы Нурдин Букуев көз салган.

Футзал боюнча "Спартак" клубу Россиянын төрт жолку чемпиону, Россия кубогун беш жолу уткан. Мини-футбол боюнча Россиянын биринчи лигасында ойнойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0