Балбан Сулайманов: атактуу болом деген каалоомду Олимпиада оюндарында аткарам

© пресс-служба ГАМФКиСБорец греко-римского стиля Калы Сулайманов
Борец греко-римского стиля Калы Сулайманов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кудайдын кулагы сүйүнсүн, азыр өлкөдө күрөштүн деңгээли жакшы. Биринен-бири өтүп бой тирешкен, ой тирешкен балбандарыбыз оголе көп. Алардын бири сакадай бою сары алтын — Калы Сулайманов.

Белгилүү мушкер, кикбокс боюнча дүйнө чемпиону (Түркия, 2013-жыл), Азия чемпиону (2017-жыл), КРдин бир нече жолку чемпиону Авазбек Аманбеков - Sputnik Кыргызстан
"Ушу сен спортчусуңбу?" дешет. Дүйнө чемпиону Авазбек Аманбеков менен маек
Бул спортчу килем үстүндө өзүнүн токтоолугу жана аз убакытта жакшы натыйжа көрсөткөндүгү менен айырмаланат. "Sports Awards-2017" версиясы боюнча "Жылдын мыкты спортчусу".

Калы 1996-жылы 20-февралда Жалал-Абад облусундагы Көк-Арт өрөөнүндө туулган. Анын бир канча эл аралык турнирлерин эске албаганда, эң ириде Францияда өткөн жаштар арасындагы дүйнө биринчилигин багындырып, 2017-жылы Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн жабык имараттагы Азия оюндарында да намыска жарап алтын медаль тагынганы белгилүү.

Спорттон тышкары Жалал-Абад мамлекеттик университетинин юридикалык факультетинде 3-курста окуйт. Жаш спортчу спорттогу жетишкендиктери, ой-максаттары тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине маек курду. 

© Sputnik / Табылды КадырбековБалбан Сулайманов: канчалык бийиктикке чыксам дагы жөнөкөй бойдон калгым келет
Борец греко-римского стиля Калы Сулайманов - Sputnik Кыргызстан
Балбан Сулайманов: канчалык бийиктикке чыксам дагы жөнөкөй бойдон калгым келет

— 2016-жылы жаштар арасында Дүйнө чемпиондугун багындырдыңыз. Биринчиликке жетүү үчүн кандай жолдорду басып өттүңүз, ийгилигиңиздин аркасында ким турат?

Дүйнө чемпиону Нуралы: каражат тапсам Азия оюндарынан жолдомо алат элем - Sputnik Кыргызстан
Дүйнө чемпиону Нуралы: каражат тапсам Азия оюндарына жолдомо алат элем
— 2009-жылы 7-классымда айылыбызда спорт зал ачылып, грек-рим күрөшү боюнча машыгууларга катыша баштагам. Бизди Сейитбек Жуманазаров деген агайыбыз машыктырчу. Ошол эле жылы Жалал-Абад шаарындагы Раатбек Санатбаев атындагы спорт-мектебине тапшырып, ошондон бери ушул жерде машыгып келем. Мени Алтынбек Салаев деген устатым машыктырып, мелдештерге алып чыгууда. Дүйнө чемпиондугуна жетүү үчүн агайым экөөбүз аябай даярдандык. Курама командадагы машыктыруучуларым Канат Бегалиев менен Азат Эркинбаев да көп кеңештерин берип турушат. Ушул агалардын ийгиликтери бизге дем берип турат. 

— 2017-жыл сиз үчүн спорт чөйрөсүндө ийгиликтүү болду десем болот. Бир топ ири мелдештерге катышып, чоң тажрыйба топтодуңуз. Бирок май айында Индияда өткөн Азия чемпиондугунда ийгилик жарата албай, 5-орунду ээлеп калдыңыз. Деги эле жеңилүү ызасын кантип кабыл аласыз?

— Былтыр алгачкы жолу чоңдор арасында (18 жаштан жогору) күч сынаштым. Кыргызстандын курама командасындагы ийгиликтерим көп. Болгону Азия оюндарында алдыңкы орундарга жетпей калдым. Утулганды жеңил эле кабыл алам. Тескерисинче, жаңы нерселерди баамдайсың.

© пресс-служба ГАМФКиССулайманов: 2009-жылы 7-классымда айылыбызда спорт зал ачылып, грек-рим күрөшү боюнча машыгууларга катыша баштагам
Сулайманов: 2009-жылы 7-классымда айылыбызда спорт зал ачылып, грек-рим күрөшү боюнча машыгууларга катыша баштагам - Sputnik Кыргызстан
1/4
Сулайманов: 2009-жылы 7-классымда айылыбызда спорт зал ачылып, грек-рим күрөшү боюнча машыгууларга катыша баштагам
© пресс-служба ГАМФКиССулайманов: былтыр алгачкы жолу чоңдор арасында (18 жаштан жогору) күч сынаштым. Кыргызстандын курама командасындагы ийгиликтерим көп. Болгону Азия оюндарында алдыңкы орундарга жетпей калдым
Сулайманов: былтыр алгачкы жолу чоңдор арасында (18 жаштан жогору) күч сынаштым. Кыргызстандын курама командасындагы ийгиликтерим көп. Болгону Азия оюндарында алдыңкы орундарга жетпей калдым - Sputnik Кыргызстан
2/4
Сулайманов: былтыр алгачкы жолу чоңдор арасында (18 жаштан жогору) күч сынаштым. Кыргызстандын курама командасындагы ийгиликтерим көп. Болгону Азия оюндарында алдыңкы орундарга жетпей калдым
© пресс-служба ГАМФКиССулайманов: мен жаш кезимде эле "атактуу адам болом" дечүмүн. Кудай насип этсе бул каалоомду Олимпиада оюндарында аткарам
Сулайманов: мен жаш кезимде эле атактуу адам болом дечүмүн. Кудай насип этсе бул каалоомду Олимпиада оюндарында аткарам - Sputnik Кыргызстан
3/4
Сулайманов: мен жаш кезимде эле "атактуу адам болом" дечүмүн. Кудай насип этсе бул каалоомду Олимпиада оюндарында аткарам
© пресс-служба ГАМФКиССулайманов: азыр Бишкекте өтө турчу Азия оюндарына карата Ысык-Көлдө машыгууда жүрөбүз. Азия оюндарына чейин жана кийин бир нече эл аралык турнирлерге катышууну пландап жатам
Сулайманов: азыр Бишкекте өтө турчу Азия оюндарына карата Ысык-Көлдө машыгууда жүрөбүз. Азия оюндарына чейин жана кийин бир нече эл аралык турнирлерге катышууну пландап жатам - Sputnik Кыргызстан
4/4
Сулайманов: азыр Бишкекте өтө турчу Азия оюндарына карата Ысык-Көлдө машыгууда жүрөбүз. Азия оюндарына чейин жана кийин бир нече эл аралык турнирлерге катышууну пландап жатам
1/4
Сулайманов: 2009-жылы 7-классымда айылыбызда спорт зал ачылып, грек-рим күрөшү боюнча машыгууларга катыша баштагам
2/4
Сулайманов: былтыр алгачкы жолу чоңдор арасында (18 жаштан жогору) күч сынаштым. Кыргызстандын курама командасындагы ийгиликтерим көп. Болгону Азия оюндарында алдыңкы орундарга жетпей калдым
3/4
Сулайманов: мен жаш кезимде эле "атактуу адам болом" дечүмүн. Кудай насип этсе бул каалоомду Олимпиада оюндарында аткарам
4/4
Сулайманов: азыр Бишкекте өтө турчу Азия оюндарына карата Ысык-Көлдө машыгууда жүрөбүз. Азия оюндарына чейин жана кийин бир нече эл аралык турнирлерге катышууну пландап жатам

— Анан кайра эле сентябрда Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн Жабык имараттагы V Азия оюндарында алтын медаль тагындыңыз. Жеңишке жетүү оңой болдубу?

— Мелдешке даярдык жакшы болду деп ойлойм. Машыгууларды убагында жасап, агайлардын тилин угуп, олуттуу жаракат албасаң эле ийгиликке жете аласың.

— Былтыр декабрда "Азия чемпионаты-2018" мелдешинин тандоо туруна карата өткөн Кыргызстандын кубогунда Каныбек Жолчубеков менен килемге чыгып, жеңилүү ызасын тартып калдыңыз. Өлкө ичинде сиздин салмактагы негизги атаандашыңыз Жолчубеков десек туура болобу?

— Ал кезде мен грипп болуп ооруп жаткам. Грипп билинбегени менен адамды бир топ эле алсыратып коет. Каныбек Жолчубеков да мыкты спортчулардын бири. Мындан кийин ден соолукту бекемдеп, мелдешке жакшылап даярданыш керек деген ойдо калдым. 

— Аз-аздан эл оозуна алынып келе жатасыз. Жан дүйнөңүздө кандайдыр бир өзгөрүүлөр болдубу?

— Мен жаш кезимде эле "атактуу адам болом" дечүмүн. Кудай насип этсе бул каалоомду Олимпиада оюндарында аткарам. Ал жактан алтын тагынуу — менин башкы максатым. Күндөп-түндөп машыгып жүргөнүм да ошол үчүн. Бирок канчалык бийиктикке чыксам дагы жөнөкөй бойдон калгым келет.

— Жаш кезде кафе-ресторандарда достор менен отуруп көңүл ачкың келет. Сизде бул жагы кандай болуп жатат?

— Досторум менен телефон аркылуу эле байланышып турам. Кафе-ресторандарга барып көңүл ачканга убактым жок. Өзүм ызы-чуу, шаан-шөкөт дегендерди жактыра бербейм.

— Калынын кийинки беттеши качан болот?

— Азыр Бишкекте өтө турчу Азия оюндарына карата Ысык-Көлдө машыгууда жүрөбүз. Азия оюндарына чейин жана кийин бир нече эл аралык турнирлерге катышууну пландап жатам.

Жаңылыктар түрмөгү
0