Испаниялык дарбазачы өзүнүн туулган күнүндө укмуштуудай гол киргизди. Видео

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүФутбол. Чемпионат Европы - 2016. Матч Россия - Словакия
Футбол. Чемпионат Европы - 2016. Матч Россия - Словакия - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал күнү Карлос 30 жашка чыгып, карьерасындагы алгачкы топту киргизген

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Оюн Испания чемпионатынын экинчи дивизионунун алкагында өткөн.

Eurosport спорттук жаңылыктар сайты жазгандай, "Луго" клубунун дарбазачы Карлос оюн талаасынын чок ортосунун ары жагынан же болбосо каршылашынын дарбазасынан 65 метр алыс аралыкта туруп тепкен тобу ийгилик алып келди. "Спортинг" командасынын дарбазачысы алыста тургандыктан коргоого жетишпей калган.

Натыйжада 3:1 эсеби менен "Луго" клубу жеңишке жетишкен. Ал күнү Карлос 30 жашка чыгып туулган күнүн белгилеп жатканы белгилүү болду. Бул футболчунун карьерасындагы эң алгачкы киргизген тобу болуп калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0