Күзөтчү болуп кете жаздап... Хабиб Нурмагомедов тууралуу 10 факты

© AP Photo / Andre PennerБелгилүү UFC мушкери Хабиб Нурмагомедовдун архивдик сүрөтү
Белгилүү UFC мушкери Хабиб Нурмагомедовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
24-январда борбор калаага белгилүү UFC мушкери Хабиб Нурмагомедовдун келиши күтүлүүдө

Хабибдин келишин чыдамсыздык менен күткөндөр да, анын ким экендигине айран таң калгандар да көп экен.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Хабиб Нурмагомедов тууралуу 10 факты сунуштайт.

1. Балбандардын үй-бүлөсүнөн чыккан. Хабиб Нурмагомедов 1988-жылы 20-сентябрда Россия Федерациясындагы Дагестан республикасынын Сильди айылында туулган. Улуту — авар. Атасы Абдулманап Нурмагомедов эркин күрөш жана самбо боюнча Украинанын чемпиону. Атасынын агасы күжүрмөн самбо боюнча дүйнө чемпиону. Таякеси эркин күрөш боюнча спорт чебери. Хабиб иниси менен беш жашынан тарта атасынын колунда машыга баштаган.

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүХабибдин Instagram баракчасына жазылгандардын саны 3 миллиондон ашат. Күйөрмандарынынын басымдуу бөлүгү спортко ышкыбоз балдар жана алардын ата-энелери
Тренировка бойца Хабиба Нурмагомедова - Sputnik Кыргызстан
Хабибдин Instagram баракчасына жазылгандардын саны 3 миллиондон ашат. Күйөрмандарынынын басымдуу бөлүгү спортко ышкыбоз балдар жана алардын ата-энелери

2. Эрежесиз урушка болгон алгачкы кызыгуу. 2001-жылы Хабибдин үй-бүлөсү Махачкалага көчүп келет. Атасы ал кезде күжүрмөн самбо боюнча да машыктыруучу болуп калган. Ошол кезде Хабибдин балбан катары килем үстөндө гана жүрө бербестен, ММАге да кызыгуусу арта баштайт. 2005-жылы спорттун самбо жана дзюдо түрлөрү менен машыккан.

3. Федор Емельяненкого таасирленчү. Нурмагомедовдун "мен эс тарткандан бери ал бардык спорттун түрүндө мыкты. Жүрүм-туруму, мүнөзү үлгү алгыдай эле. Биз анын беттештери менен өстүк. Ал рингде утса да, жеңилсе да бир мүнөз. Федор Емельяненко – россиялык спортчуларга түрткү берген адам. Мен ал тууралуу эч качан жаман уккан эмесмин. Ага мушкер катары да, адам катары да суктанам" деп айтканы бар.

© AP Photo / Andre PennerХабиб Нурмагомедов: беттеш учурунда тутунган диним аябай жардам берет. Мен кандай гана кырдаалга туш болбоюн, сабыр менен жеңем. Жеңиш менен ыза бир гана Кудайдын колунда
Российский боец Хабиб Нурмагомедов - Sputnik Кыргызстан
Хабиб Нурмагомедов: беттеш учурунда тутунган диним аябай жардам берет. Мен кандай гана кырдаалга туш болбоюн, сабыр менен жеңем. Жеңиш менен ыза бир гана Кудайдын колунда

4. Спорттон кетем деп… Хабиб 19 жашында спортту таштап күзөт кызматына жумушка орношууну чечет. Бирок атасы болбой коет. "Эгер сен бир жерде иштеп жатсаң, спортчу деле эмессиң. Спортчу болуш үчүн, өзүңдү бүтүндөй арнашың керек. Сенин милдетиң жакшылап тамактанып, машыгууларга калтырбай барып туруу. Калганын мен берем. Сага суу менен жол киреге эле акча керек. Тамакты үйдөн эле ичсең болот" деп айткан.

Кыргызстанский боец MMA Мыктыбек Мамасалиев - Sputnik Кыргызстан
ТОП-11. ММА мушкерлери Кыргызстанды дүйнөгө таанытабы?
5. Тер агызган машыгуу майнабын берди. 2005-2008 жылдары уруш түрүндөгү самбо боюнча Россиянын жана дүйнөнүн эки жолку чемпиону, панкратион боюнча Атриум Кубогунун жеңүүчүсү аталып, ММА боюнча алгачкы жолу профессионалдар арасында CSFU: Champions League турниринде утушка ээ болгон. NAGA Grappling боюнча дүйнө чемпиону аталып, M-1 Global уюмунда бир нече беттеш өткөргөн.

6. 2012-жылы дүйнөдөгү беделдүү делген америкалык UFC уюмунда тушоосун кесип, биринчи беттешинде эле атаандашын жер каратып койгон. "Мен анда 23 гана жашта элем, көбү UFCни кол жеткис деп айтышат. Жеңиш мага чоң дем берди. Октагонго чыгууну чыдамсыздык менен күтүп калдым" деп эстейт мушкер жагымдуу учурун.

Дүйнөлүк Sherdogg порталынын маалыматы боюнча 25 жолу профессоналдуу беттеште утуп, бир дагы ирет утулуп же тең чыгып көргөн эмес. 25 беттештин тогузун атактуу делген UFC уюмунда өткөргөн.

2016 — "EAGLES MMA" спорттук клубун негиздеген. Баса, анын спорттогу каймана аты да Eagle ("Бүркүт" — ред.).

© AP Photo / John LocherДүйнөлүк Sherdogg порталынын маалыматы боюнча 25 жолу профессоналдуу беттеште утуп, бир дагы ирет утулуп же тең чыгып көргөн эмес. 25 беттештин тогузун атактуу делген UFC уюмунда өткөргөн
Российский боец UFC Хабиб Нурмагомедов - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөлүк Sherdogg порталынын маалыматы боюнча 25 жолу профессоналдуу беттеште утуп, бир дагы ирет утулуп же тең чыгып көргөн эмес. 25 беттештин тогузун атактуу делген UFC уюмунда өткөргөн

7. Эл кылымдын беттешин күтүп жатат… 2014-жылы UFC уюмунун турниринде америкалык мушкер Тони Фергюсон менен беттеш пландаштырылып, бирок Хабиб тизесинен жаракат алганына байланыштуу мушкерлер октаганондо жолукпай калган. Кийинки жылы да спортто жолу болбой, кабыргасынан жаракат алып, тыным алуусу созулуп кеткен.

2016-жылы кайрадан Тони Фергюсон менен беттеш пландаштырылып, бирок бул жолу атаандашынын жаракатына байланыштуу ой ишке ашпай калган.

Борец греко-римского стиля Калы Сулайманов - Sputnik Кыргызстан
Балбан Сулайманов: атактуу болом деген каалоомду Олимпиада оюндарында аткарам
2017-жылы дагы бир жолу Тони Фергюсон менен беттеш пландаштырылып, бирок кайрадан Хабибдин ден соолугуна байланыштуу октагонго чыкпай калышкан. Россиянын командасы мушкер салмак кууйм деп машыгууну ашыкча өткөргөндүгү үчүн саламаттыгы начарлады деп билдирген. Хабиб жылдын аягында күйөрмандарын кубанычка бөлөп, UFC уюмунун алкагында бразилиялык Эдсон Барбозаны калыстардын чечими менен жеңип алган.

7-апрелде кайрадан UFC уюмунун учурдагы чемпиону Тони Фергюсон менен беттеш пландаштырылган.

8. Анын Instagram баракчасына жазылгандардын саны 3 миллиондон ашат. Күйөрмандарынынын басымдуу бөлүгү спортко ышкыбоз балдар жана алардын ата-энелери. Баракчасына спортко байланыштуу жаңылыктары, машыгуулары менен бөлүшүп турат.

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүХабиб үй-бүлөлүү. 2015-жылы кыздуу, 2017-жылы уулдуу болгон
Тренировка бойца Хабиба Нурмагомедова - Sputnik Кыргызстан
Хабиб үй-бүлөлүү. 2015-жылы кыздуу, 2017-жылы уулдуу болгон

9. Үй-бүлөлүү. Хабиб ислам динин бекем кармангандыктан, жеке жашоосу тууралуу кеп кыла бербейт. Үлпөт тою болгондо жубайынын бетин ак паранжа менен жаап көрсөткөн эмес. Азыр да жубайы, бала-чакасы коомчулуктан оолак. 2015-жылы кыздуу, 2017-жылы уулдуу болгон. Хабиб Америкада машыгат, бирок үй-бүлөсү дайыма Россияда болот. Бул тууралуу "жубайым менен бир жактарга эс алууга чыгышым мүмкүн. Бирок ал мага машыгуу учурунда тоскоол болот. Негизи эле беттешке даярданууда аял ашыктык кылат… Ийгиликке жетем десең, оюңдун баары бир гана спортто болушу керек. А жубайым мен үчүн дуба кылып үйдө отурат" деп айтканы бар.

10. Ислам жашоосунда чоң роль ойнойт. Хабиб мусулман баласы катары бардык эрежелерди сактай турганын айтып келет. "Мен эч убакта чылым тиштеп, ичимдик ичкен эмесмин. Бул нерсенин спорт менен байланышы жок. Мен ислам дининде ичкенге, чеккеге тыюу салынгандыгы үчүн гана жасабайм. Беттеш учурунда тутунган диним аябай жардам берет. Мен кандай гана кырдаалга туш болбоюн, сабыр менен жеңем. Жеңиш менен ыза бир гана Кудайдын колунда" деп айтканы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0