Кыздар жана балдар рингде жолугат. Жакында бокс боюнча эл аралык турнир өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековБоксчулар беттеш учурунда. Архив
Боксчулар беттеш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдеш Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында 31-январдан 4-февралга чейин уланат

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Бишкекте Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган кыздар жана балдар арасында бокс боюнча эл аралык турнир өтөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик кабарлады.

Белгилүү UFC мушкери Хабиб Нурмагомедовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Күзөтчү болуп кете жаздап... Хабиб Нурмагомедов тууралуу 10 факты
Мелдеш Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында 31-январдан 4-февралга чейин уланат. Ага 10 салмак категориясы боюнча балдар жана үч салмак түрү боюнча кыздар катышат.

Уюштуруучулары — Олипиадалык спорт боюнча дирекция жана КРдин Бокс федерациясы. Дирекция тарабынан 1 миллион 192 миң сом каралган.

Турнирге Казакстандын, Өзбекстан, Тажикстан, Россия жана Кыргызстандын спортчулары катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0