Хабиб Нурмагомедов "Конор Макгрегордон коркосузбу?" деген суроого жооп берди

© AP Photo / Julio CortezИрландиялык UFC мушкери Конор Макгрегордун архивдик сүрөтү
Ирландиялык UFC мушкери Конор Макгрегордун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нурмагомедов UFC мушкерлери эмнеден чочулай турганын айтты

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. UFC мушкери Хабиб Нурмагомедов Бишкекте күйөрмандары менен жолугуп, кичинекей баланын "ирландиялык Конор Макгрегордон коркосузбу?" деген суроосуна жооп берди.

Нурмагомедов көп аракет кылып, UFC турнирине катышкан мушкер кимдир бирөө менен мушташуудан коркпой турганын айтты.

"Кээде утулуп каламбы деп чочулайсың, же команда мушташтан баш тарт деп айтат. Макгрегор менен ошондой болду. Ага түрдүү беттештерди сунушташкан, ал баш тартып койду. Эми аны титулунан ажыратышты. Андыктан коркосузбу деп андан сураш керек го", — деди мушкер.

Россиялык мушкер 23-январда Бишкекке келген.

Хабиб Нурмагомедов тууралуу он фактыны Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0