Кыргызстандык жөө күлүк Майамидеги эл аралык марафонго катышат

© Фото / предоставлено Абакиром ШаршеновымКыргызстандык жөө күлүк Абакир Шаршенов. Архив
Кыргызстандык жөө күлүк Абакир Шаршенов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарыш 28-январда өтүп, 20 миңдей адам төрт дистанцияда чуркайт

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Кыргызстандык спортчу Абакир Шаршенов АКШнын Майами шаарында өтө турган эл аралык марафонго катышат. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине жөө күлүк өзү билдирди.

Анын айтымында, жарыш 28-январда өтүп, 20 миңдей адам төрт дистанцияда чуркайт.

"Бүгүн Майамиге учуп кетем. Марафондун сайтын карасам 100гө жакын мамлекеттен жөө күлүктөр жана ышкыбоздор келип катышат экен. Ал эми Борбор Азиядан бир эле мен барат экенмин. 42 чакырым аралыкка чуркайм", — деди Шаршенов.

Ошондой эле ал буга чейин да Омск жана Астана шаарларында өткөн эл аралык марафондорго катышып келгенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0