Хабиб 102 жаштагы кыргызстандык күйөрманы менен түшкөн сүрөтүн жарыялады

© Sputnik / Исмаил МамытовВизит известного бойцы UFC Хабиба Нурмагомедова в Бишкек
Визит известного бойцы UFC Хабиба Нурмагомедова в Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиялык UFC мушкери Бишкекке 23-январь күнү келген

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Россиялык UFC жылдызы Хабиб Нурмагомедов Кыргызстандагы эң улуу күйөрманы менен түшкөн сүрөтүн Instagram баракчасына жарыялады.

"Бул менин — эң улуу күйөрманым. Ал Кыргызстандан болот, март айында 103 жашка чыгат экен. Кудайым ага жана үй-бүлөсүнө ден соолук берсин", — деп жазган мушкер.

Хабибдин атасы Оштогу мушкерлерге UFC чемпиону болуунун сырларын үйрөттү. Видео - Sputnik Кыргызстан
Хабибдин атасы Оштогу мушкерлерге UFC чемпиону болуунун сырларын үйрөттү. Видео
Ошондой эле кыргызстандык карыя Нурмагомедовдун Дүйнөлүк мушкерлер клубун багындыргандан тарта (2012-жыл) ушул күнгө чейинки ийгиликтерине байкоо салып жүрө турганын жазган.

Россиялык UFC мушкери Бишкекке 23-январь күнү келген. Аны "Манас" эл аралык аэропортунан Улуттук олимпиада комитетинин өкүлдөрү жана журналисттер тосуп алган. Ал кыргызстандык күйөрмандары менен жолугушуп кеткен. Ал эми атасы Абдулманап Нурмагомедов Ош шаарына да барып мушкерлерге мастер-класс өткөн.

Хабиб Нурмагомедов тууралуу кызыктуу 10 фактыны Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0