Динара Орозбаева: спортчулар — бүгүнкү күндүн баатыры

© Фото / Бахром ТурсуновАвтор проекта Sports Awards Динара Орозбаева
Автор проекта Sports Awards Динара Орозбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кызыл килемдин үстүндө көйкөлгөн балбан кыздар, кычырап костюм шым кийген спортчу жигиттер... Бир жыл тынбай эмгектенген мээнетиң бааланып сыйлык алуу. Мунун баарын жыл сайын өтө турчу "Sports Awards" спортчуларды сыйлоо аземинен көрүүгө болот.

Жакында эле аталган иш-чараны уюштуруучулар төртүнчү ирет өткөрүштү.

Аземдин өтүшү тууралуу пикирлерди "Тopsport.kg" сайтынын жетекчиси, "Sports Awards" долбоорунун автору Динара Орозбаева айтып берди.

— Спортчуларды сыйлоо аземин төрт жылдан бери өткөрүп келесиздер. Быйылкы "Sports Awards-2017" эмнеси менен өзгөчөлөнүп, эмнеси менен эсте калды?

— Быйыл биз чоң эксперимент жасадык. Иш-чарабыз Улуттук олимпиада комитети менен Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агентттиктин колдоосу астында өттү. Биринчи жолу спорт тармагында бирдиктүү борборлошкон сыйлоо салтанаты болду. Эми быйылкы экспременттик иш-чараны ар тараптан анализдеп, кийинки жылы кандай боло турганын чечебиз.

— Сыйлоо аземинен кийин социалдык тармактарда нааразы болгон спорт күйөрмандары да болду. Алар "айрым спортчулардын жыйынтыгын күткөн эмеспиз, тандоо таза өткөн жок" деген пикирде. Дегеле мыктыларды кандай жол менен тандагансыздар?

Кыргызстандык мушкер Нуралы Карыбаев - Sputnik Кыргызстан
Акча табылды! Мушкер Нуралыны Азия оюндарынын тандоо туруна айылдаштары жибермекчи
— "Баатыр" сыйлыгынын алкагында мыктылардын аныкталышы атайын иштелип чыккан жобонун негизинде болду. Ага ылайык, жеңүүчү эки баскыч менен аныкталат. Алгач интернет добуш берүү аркылуу. Мында 30 упай ойнотулуп, 1-орунга 15, 2-орунга 10 жана 3-орунга 5 упай ыйгарылат. Андан соң беш кишиден турган эксперттик комиссия да өз добушун берип, ар бир комиссия мүчөсү талапкерлерди 1-орундан 3-орунга чейин жайгаштырат. Мында 1-орунга 6, 2-орунга 4 жана 3-орунга 2 упай берилет. Аягында упайлар кошулуп, эң көп упайга ээ болгон талапкерди жеңүүчү деп жарыялоо каралган. Ал эми нааразы болгон күйөрмандарга айтаарым, биз жеңүүчү калыс аныкталышы үчүн болгон күч-аракетибизди жумшадык. Сыйлыктан кийин кимдер кантип добуш бергенин ачык жарыяладык. Негизи бул нерсе купуя бойдон калмак. Бирок биз баары таза болсун үчүн ушундай чечимге келдик. 
© Фото / Бахром ТурсуновДинара Орозбаева: буюрса эмки иш-чарабыз чакан маараке болот десем болот. Долбоор бешинчи ирет өтөт. Даталуу болгондугуна байланыштуу өзгөчөлүк киргизип, дүйнөгө таанымал спортчуну сыйлуу конок катары чакырууну пландаштырганбыз.
Автор проекта Sports Awards Динара Орозбаева - Sputnik Кыргызстан
Динара Орозбаева: буюрса эмки иш-чарабыз чакан маараке болот десем болот. Долбоор бешинчи ирет өтөт. Даталуу болгондугуна байланыштуу өзгөчөлүк киргизип, дүйнөгө таанымал спортчуну сыйлуу конок катары чакырууну пландаштырганбыз.

— "Жылдын мыктысы" аталбай калган спортчулар же алардын тарапташтары нааразычылыгын билдирген учур болдубу?

— Жок, болгон жок. Жогоруда айтылгандай, биз баары таза жана адилеттүү болушу үчүн бардык шарттарды түзгөнгө аракет кылдык. Эксперттик комиссияга кирген инсандардан да жүрөгү менен калыс добуш берүүсүн сурандык. Бизге спорттук федерациялар жана функционерлер мамлекеттик мекеме менен кызматташпай өз алдынча өткөрүү сунушун киргизишти. Алар мындай сынактарды көз карандысыз коомдук уюм өткөрсө туура жана адилетүү болот деп айтышууда.

— Бул долбоордун идеясы кантип жаралды?

Борец греко-римского стиля Калы Сулайманов - Sputnik Кыргызстан
Балбан Сулайманов: атактуу болом деген каалоомду Олимпиада оюндарында аткарам
— Баарыбыз эле байкап тургандай, чет өлкөдө эң бай жана абройлуу адамдар булар — спортчулар, кино жылдыздары жана шоу-бизнес өкүлдөрү эмеспи. Көпчүлүк, анын ичинде Кыргызстандын жаштары да мына ушул адамдарды кумир тутушат. Алардан үлгү алышат, аларга теңелгиси келет. Ал эми биз өзүбүздүн баатырларды өзүбүз тааныбай калган мезгил болду. "Эмнеге?" деген суроо такыр тынчтык бербей койду. Экинчиден, спортчуларга да жетишээрлик көңүл бурулбай калган. Өзүм спортчулардын үй-бүлөсүндө чоңойгонумдан улам колдоо алар үчүн канчалык дем-күч болорун билем. Анан ошол ой-толгоолор бышып жетилип, атайын долбоор иштеп чыгып, команда топтоп 2014-жылы алгач ирет мыктыларды тандадык.

— Эки жыл мурда ЖМКларга берген маектердин биринде "долбоордун алкагында чет өлкөдөн атактуу спортчуларды чакырып, чоң шоу уюштуруу оюбузда бар" деп айтыпсыз. Бул план качан жүзөгө ашат жана мүмкүнчүлүк болсо кайсыл спортчуну чакырмаксыз?

— Буюрса эмки иш-чарабыз чакан маараке болот десем болот. Долбоор бешинчи ирет өтөт. Даталуу болгондугуна байланыштуу өзгөчөлүк киргизип, дүйнөгө таанымал спортчуну сыйлуу конок катары чакырууну пландаштырганбыз. Азырынча кайсы спортчуну чакырууну аныктай элекпиз. Анын баарын ата-мекендик спортубуздун суроо-талабына ыңгайлаштырып карап чыгабыз.

— Жакында эле Бишкеке UFC жылдызы Хабиб Нурмагомедов келди. Бул тууралуу кандай пикирдесиз?

— Бул чоң жаңылык болду. Мени кубандырганы — коомчулуктун көңүлү спортко ашыкча бурулуп, ар кандай талкуулар жүрүп жатканы болду. 

© Фото / Бахром ТурсуновДинара Орозбаева: спорттун бир түрү менен машыгам деп айта албайм, бирок ден соолугум үчүн фитнес жана бассейнге барып турам
Автор проекта Sports Awards Динара Орозбаева - Sputnik Кыргызстан
Динара Орозбаева: спорттун бир түрү менен машыгам деп айта албайм, бирок ден соолугум үчүн фитнес жана бассейнге барып турам

— "Тopsport.kg" — Кыргызстандагы биринчи кыргызча спорттук сайт. Коомчулук канчалык деңгээлде спорттук маалыматтарга кызыгат? Жамаат көздөгөн максатына жетип жатабы?

Награждение лучших спортсменов Sports and Youth Awards 2017 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кычыраган мушкерлер, көйкөлгөн балбан кыздар. Sports Awards кандай өттү
— Спортко акыркы жылдарда бөтөнчө көңүл бурулуп, мамиле жасала баштады. Бизде да спорт акыры модага айланып келе жатат. Биздин сайтыбыздын максаты — кыргыз тилдүү окурмандарды жаңылыктар менен гана камсыз кылып турбастан, түрдүү иш-чараларды өткөрүп, спорттун жайылышына түрткү берүү. Буюрса максаттарыбызга акырындан жетишип келе жатабыз.

— Өзүңүз спорттун кайсы бир түрү менен машыгасызбы?

— Спорттун бир түрү менен машыгам деп айта албайм, бирок ден соолугум үчүн фитнес жана бассейнге барып турам.

— Спортчулар тууралуу ой-пикириңиз?

— Спортчулар бүгүнкү күндүн баатырлары деп айтып келем. Ал эми кыргыз илгертен баатыр эл катары сыпатталат. Спорт кыргыздын канында бар. Бүгүнкү күндө баатырлардан уучубуз куру эмес. Спорт менен машыккандар көбөйсө деген тилегим бар. А биз аларга колдоо көрсөткөнгө колдон келген аракетибизди жумшайбыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0